Нарын облусунун беш айыл өкмөтү маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздашат

Нарын облусунун беш айыл өкмөтү маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздашат

Бул максатта 5 айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык веб-сайт ачып берүү өтүнүчү менен "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбооруна кайрылышкан.

2018-жылдын 17-18-май күндөрү Нарын шаарында муниципалдык веб-сайтты башкаруу темасына арналган практикалык семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө облустун:

  • Ак-Тал (Ак-Талаа району),
  • Ак-Муз (Ат-Башы району),
  • Учкун (Нарын району),
  • Чаек (жумгал району)
  • Кара-Суу (Кочкор району)

айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн веб-сайтта иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү. Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында уюштурулду.

"Семинардын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, айыл аймактарда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жергиликтүү калкка өз убагында маалымат берүү жана жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо. Муниципалдык веб-сайттар жогоруда аталган беш айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде иштелип чыкты. Өз убагында ушундай эле веб-сайттар Долбоор мурда иштеген Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдары үчүн да иштелип чыккан, – дейт Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси, семинардын тренери Нургуль Жаманкулова.   

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы муниципалдык веб-сайттардын модулдары жана бөлүмдөрү менен таанышып чыгып, сайтка жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды, тексттерди, тиркемелерди, сүрөттөрдү даярдоо жана кайчылаш шилтемелерди коюу ыкмаларын үйрөнүштү. Жайгаштырууга даяр болгон материалдарды веб-сайтка жайгаштыруу процесси семинардын практикалык бөлүгүндө ишке ашты. 

Катышуучулардын айтымы боюнча, мурун бул багытта иштебегендиктен, жаңы билим жана көндүмдөр алар үчүн татаалыраак болду, бирок алар веб-сайттарын толтуруу жана аларды популярдуу кылууну максат кылып койгондуктан, семинардын жүрүшүндө таратылып берилген Колдонмону окуп чыгып, түшүнүп, веб-сайттар менен андан ары иштөөнү улантышаарын айтышты.


"Албетте, бул өңдүү бизге мурун-кийин тааныш болбогон теманы толук эмес 2 күндө үйрөнүп кетүү кыйыныраак болуп жатат, бирок бул ишти өздөштүрүп, андан арып кетүүгө биз болгон аракетибизди жумшайбыз. Бул үчүн бизге бардык шарттар түзүлүп берилди. Өзгөчө Колдонмонун кыргыз тилинде болгондугу бизди абдан кубандырды. Биз өзүбүздүн сайтка АӨ жана АК токтомдорун, буйруктарын жана башка Кр Мыйзамдары талап кылган расмий иш кагаздарын жайгаштырабыз. Мындан сырткары, ал жакта жергиликтүү бюджет, муниципалдык менчик, жарандык бюджет, жаңылыктар, иш-чаралардын анонстору жана протоколдору өңдүү маалыматтарды жайгащтырып, галереяны иш-чаралардын жүрүшүнөн алынган сүрөттөр менен толтурабыз. Булардын бардыгы эми биздин айылдык аймактын архиви болуп калат, – деди Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Ушундай эле практикалык семинар Ош облусунун 10 айылдык аймагы үчүн июнь айында өткөрүлүп, Долбоордун алкагында техникалык консультациялар улана бермекчи.