Ош облусунун 11 айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайттары ачылды

Ош облусунун 11 айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайттары ачылды

Жаңы ачылган веб-сайттарда иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ долбоору тарабынан атайын практикалык семинар уюштурулду.

2018-жылдын 6-7-июнь күндөрү Ош шаарында муниципалдык веб-сайтты башкаруу темасына арналган практикалык семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө облустун 11 айылдык аймагынын:

  • Бүлөлү (Алай району),
  • Мангыт (Араван району),
  • Ылай-Талаа (Кара-Кулжа району),
  • Кызыл-Суу (Кара-Суу району),
  • Шарк (Кара-Суу району),
  • Гулистан (Ноокат району),
  • Көк-Жар (Ноокат району),
  • Ак-Жар (Өзгөн району),
  • Жазы (Өзгөн району),
  • Чоң-Алай (Чоң-Алай району),
  • Мады (Кара-Суу району) 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн веб-сайтта иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү. Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Семинардын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, айыл аймактарда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жергиликтүү калкка өз убагында маалымат берүү жана жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо. Муниципалдык веб-сайттар жогоруда аталган он бир айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде иштелип чыкты. Өз убагында ушундай эле веб-сайттар Долбоор мурда иштеген Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдары үчүн да иштелип чыккан.   

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы муниципалдык веб-сайттардын модулдары жана бөлүмдөрү менен таанышып чыгып, сайтка жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды, тексттерди, тиркемелерди, сүрөттөрдү даярдоо жана кайчылаш шилтемелерди коюу ыкмаларын үйрөнүштү. Жайгаштырууга даяр болгон материалдарды веб-сайтка жайгаштыруу процесси семинардын практикалык бөлүгүндө ишке ашты. 

Катышуучулардын айтымы боюнча, мурун бул багытта иштебегендиктен, жаңы билим жана көндүмдөр алар үчүн татаалыраак болду, бирок алар веб-сайттарын толтуруу жана аларды популярдуу кылууну максат кылып койгондуктан, семинардын жүрүшүндө таратылып берилген Колдонмону окуп чыгып, түшүнүп, веб-сайттар менен андан ары иштөөнү улантышаарын айтышты.

Ушундай эле практикалык семинар Нарын облусунун 5 айылдык аймагы үчүн май айында өткөрүлүп, азыркы учурда Долбоордун алкагында техникалык консультациялар уланууда.