Шарк айылдык аймагында жергиликтүү жамааты өз Уставын талкуулады

Шарк айылдык аймагында жергиликтүү жамааты өз Уставын талкуулады

2018-жылдын 26-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын Падаван айылында жергиликтүү жамааттын Уставын1 талкуулоого арналган айылдык жыйын болуп өттү.

Иш-чарага аймактын 300дөн ашык тургундары катышып, анын жүрүшүндө аталган аймактын ЖӨБ органдары үстүбүздөгү жылдын май айында Швейцария өкмөтүнүн (SDC) “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосунда өткөрүлгөн жергиликтүү жамааттын Уставынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жана калк менен жолугушуулар маалында түшкөн сунуштарга жүргүзүлгөн юридикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырышты. Аны менен бирге жыйын учурунда жогоруда айтылган юридикалык экспертизаны өткөргөн юрист Венера Балтабаева катышуучулардан келип түшкөн суроолорго жооп берип, түшүндүрмөлөр менен бышыктады.

Айыл өкмөтү тарабынан тартууланган маалыматка ылайык, өткөрүлгөн маалымат өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпысынан 31 сунуш түшүп, алар негизинен төмөнкү багыттарда болгон:

  • мектептердин ишмердүүлүгү - 4;
  • сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыздоо - 3;
  • таштандыларды жыйноо жана чыгаруу - 1;
  • айылдагы той мааракелердеги чыгымдарды азайтуу - 5;
  • айылдарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу - 3;
  • башка сунуштар - 17.

Аталган 31 сунуштун ичинен 22 сунушу жергиликтүү жамааттын Уставына киргизилсе боло тургандыгы жыйындын жүрүшүндө маалымдалып, алардын себептери элге айтылды.

 

___________ 

1 ​Жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) Уставы – бул жамаат мүчөлөрү ортосунда, жамаат менен айыл өкмөттүн, жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган жергиликтүү жамааттын документи.