Учкун айылдык аймагынын өкүлү: "Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүш үчүн калктын мүлкүн инвентаризациядан өткөрүшүбүз керек экен"

Учкун айылдык аймагынын өкүлү:

Мындай пикирди Учкун аймагында 29-июнь күнү болуп өткөн тренингдин катышуучусу Абдырасулова Элмира билдирди.

2018-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Учкун айылдык аймагында “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуусу” деген аталыштагы окуу болуп өттү. Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистери катышкан бул иш-чара жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуу дараметин күчөтүү максатында өткөрүлдү. 

“Практикалык көнүгүүлөрдүн жүрүшүндө биз бюджетибиздин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн калктын бардык мүлкүн инвентаризациядан өткөрүп, салыктардын көлөмдөрү боюнча так эсептеп чыгыш керек экендигин түшүндүк, - дейт Абдырасулова Элмира, тренингдин катышуучусу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү өз  алдынча башкаруу, жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс тууралуу маалымат алып, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана бюджеттик процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун талкуулашты. Алынган маалыматты иш жүзүндө эртеңки күнү кантип туура пайдалануу керек экендигин көрүү үчүн, чакан топтордо иштөөнү камтыган практикалык көнүгүүлөр аткарылды.

“Биз өткөргөн бул окууга Учкун аймагына коңшу жайгашкан Сары-Ой жана Жан-Булак аймактарынын бирден өкүлдөрү катышышты. Учкун аймагынын өкүлдөрү менен биргеликте алар дагы окуу материалдары менен камсыздалып, практикалык иштерге тартылды. Окуунун жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн булактарын аныктап, аларды канткенде көбөйтсө боло тургандыгы тууралуу талкуулашты. Андан кийин катышуучулар менен биргеликет бюджеттик процессте жарандардын катышуусунун мыкты тажрыйбаларынын мисалдарын карап чыктык. Катышуучулардын окууга болгон кыхыгуусу абдан жогору болду. Бул окуудан кийинки билим деңгээлинин өсүү динамикасынын жогорку көрсөткүчкө жеткедиги менен да тастыкталат: окуунун башында жана аяктаган соң толтурулган тесттердин жыйынтыгына ылайык, бул көрсөткүч 62,7 пайызды түздү, - дейт Акысбек Досоев, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун Нарын облустагы координатору, тренер.

Аны менен катар катышуучулар бюджеттик процесстеги ЖӨБ органдарынын, Каржы министрлигинин жана жергиликтүү коомчулуктун ролдорун талкууга алышты.  Ал эми мыкты тажрыйбанын мисалдарынан Жалал-Абад облусунун Бел-Алды аймагынын салык төлөмдөрүнүн карточкаларын киргизген тажрыйбасы катышуучуларга өзгөчө жакты.

Окуу тапшырмаларынын эң акыркысы болгон аймактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 3 демилгени атоо боюнча суроо узатылганда, катышуучулар төмөнкүлөрдү сунушташты:

  • Тазалык жана тартип бардыгы үчүн
  • Жергиликтүү калктын маданий деңгээлин жогорулатуу
  • «Ырыс алды ынтымак»

Өткөрүлгөн окуунун натыйжасында катышуучулар жарандардын бюджеттик процессте катышуусунун максаттары, тапшырмалары, укуктук базасы, жергиликтүү бюджеттин түзүмү жана алардын булактары тууралуу билим алып, бюджеттин киреше бөлүгүнө кирген салык төлөмдөрүнүн кээ бир түрлөрүн эсептөө жана аларды көбөйтүү жолдорун иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ болушту.