Министрликте жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын камсыздоого багытталган демилгелер талкууланды

Министрликте жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын камсыздоого багытталган демилгелер талкууланды

Булак: http://minfin.gov.kg/novosti/novosti/v-minfine-obsudili-initsiativy-napravlennye-na-obe.html

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Ачык Өкмөттү куруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуунун алкагында коомдук консультациялар өткөрүлдү. Ачык талкуу 2018-жылдын 11-июлунда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талкууланган маселелер боюнча компетенттүү кызмат адамдарынын катышуусунда болуп өттү.

Катышуучулар жарандык коом тарабынан көтөрүлгөн төмөндөгү демилгелерди талкуулашты:

  • бюджеттик процессте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу;
  • Жарандык катышуу инструменттерин түзүүнүн аркасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик ачык-айкындуулугун камсыздоо;
  • «Жергиликтүү бюджет» маалыматтык системасын ишке киргизүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн демилгелердин негизги максаттары, демилгечилер белгилеп кетишкендей, бюджеттик процессте жарандык катышуу инструменттерин: коомдук угууларды өткөрүүнүн, жарандык бюджетти түзүүнүн жана бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикаларын түзүүнүн аркасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик ачык-айкындуулугун камсыз кылуу; ырааттуу жана баарына түшүнүктүү механизмди, бюджеттик процессте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдоштуктарынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу регламентин иштеп чыгуу болуп саналат.

Өнүктүрүү саясаты институтунун өкүлү, Ачык Өкмөт улуттук форумунун мүчөсү Назира Тюлюндиеванын айтымында, «Жергиликтүү бюджет» маалыматтык системасын киргизүү жергиликтүү бюджеттерди болжолдоо, пландоо жана аткаруу системасын жөнгө салууга, жергиликтүү бюджеттерге анализ жүргүзүүнү жакшыртууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүктөрү менен өз ара аракеттенүүсүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Коомдук консультациялардын жыйынтыгында көтөрүлгөн демилгелер боюнча иш-чаралар жана алардын аткаруучулары, мөөнөттөрү такталды.