Өзгөн районунун Жазы айылдык аймагынын тургундары өз Уставына ээ болушту!

Өзгөн районунун Жазы айылдык аймагынын тургундары өз Уставына ээ болушту!

Жергиликтүү жамааттын Уставын (ЖЖ Устав) кабыл алуу боюнча ачык сессия 14-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айылдык аймагындагы Кара-Дыйкан айылында болуп өттү.

Ачык сессиянын алдында Жазы айылдык кеңешинин депутаттык этика, туруктуулук, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча Туруктуу комиссиясынын ЖЖ Уставы боюнча корутунду чыгаруу отуруму өтүп, комиссиянын төрагасы ачык сессиянын жүрүшүндө ал Корутунду менен депутаттарды тааныштырып өттү. Андан соң депутаттар ЖЖ Уставы боюнча суроолорун берип, аларга Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы жана АК туруктуу комиссиянын төрагасы жооп беришкен соң, жергиликтүү жаматтын Уставын кабыл алуу суроосу добушка коюлду. Натыйжада Жазы айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы катышкан ачык сессияда ЖЖ Уставы бир добуштан кабыл алынды. 

Буга чейин Уставды талкуулоо боюнча аймакта бир катар коомдук талкуулар, жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулуштары өткөрүлүп, документтин долбооруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. 

“Жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) Уставы – бул жергиликтүү жамааттын документи, ал жамааттын мүчөлөрү ортосундагы, жамаат менен айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосундагы укуктарды, милдеттенмелерди жана өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт. Буга чейин Уставды талкуулоо боюнча бир катар коомдук талкуулар, жергиликтүү жамааттардын жалпы чогулуштары өткөн. Анда документтин долбооруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген болчу. Эми жарандарга зарыл болгон жалпы тартиптин эрежелерин жамааттар бекем сактап, ал эми ЖӨБ бул эрежелердин сакталышына көмөк көрсөтүп турушу үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары акыркы чекитти коюшу керек. Жергиликтүү кеңештин жыйыны “ачык сессия” тартибинде өтүп, натыйжада мыйзамдардын талаптары жана регламент толук сакталды. Устав кабыл алынгандан кийин документ КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө каттоодон өтөт жана бул тууралуу калкка маалымат берилет”, – деди Роза Суранчиева, Долбоордун адиси.

Иш-чарага тажрыйба алмашуу максатында Ош облусунун 35 муниципалитетинен жалпысынан 70ке жакын жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана төрагалары, КР Өкмөтүнө карашатуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА ГАМСУМО) Ош облусундагы расмий өкүлү Турсунбаев Зарлык, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Дыйканбаев Болотбек, Жазы аймагынын өнөктөшү болгон Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жетекчиси Бекиев Бекболот жана аталган долбоордун адистери катышышты.

Тажрыйба алмашуу сапары Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган “Элдин үнү ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында уюштурулду.