ЖӨБ органдары жана жаш муундун маалыматты ачыктоодогу өнөктөштүгү

ЖӨБ органдары жана жаш муундун маалыматты ачыктоодогу өнөктөштүгү

Бул багытта Ош шаарында 9-12-октябрь күндөрү Ош облусунун 11 айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн адистери жана мектеп өкүлдөрүнүн катышуусунда практикалык семинар болуп өтөт.

Муниципалдык веб-сайтты башкаруу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык семинарлар Ош шаарында уюштурулат. Пландалган төрт күн аралыгында эки күндүк 2 семинар өткөрүлүп, аларга жалпысынан 50 адамдын катышуусу күтүлүүдө. 

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында иштелип чыккан 11 айылдык аймактын муниципалдык веб-сайттарында иштөө көндүмдөрүн жакшыртышат.  

“Семинардын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, айыл аймактарда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жергиликтүү калкка өз убагында маалымат берүү жана жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо. 2018-жылдын жаз айларында Ош облусунун он бир айылдык аймагыны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде муниципалдык веб-сайттар иштелип чыккан. Жаңы ачылган веб-сайттарда иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн Долбоор тарабынан 2018-жылдын 6-7-июнь күндөрү Ош шаарында атайын практикалык семинар болуп өткөн.  Бул жолу уюштурулуп жаткан иш-чара айыл өкмөттөргө колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө. Ошондой эле жаштардын өнүгүүсүн колдоо, жергиликтүү жамааттын дараметин жогорулатуу жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен кызматташуусун мындан аркы жакшыртууга көмөктөшүү максатында, айыл өкмөткө жакын жайгашкан орто мектептердин информатика мугалимдеринин жана жогорку класстардын  окуучуларынын да тартуу сунушталды, – дейт Сабина Градваль, Долбоордун жетекчисинин орун басары.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар муниципалдык веб-сайттардын модулдары жана бөлүмдөрү менен таанышып чыгып, сайтка жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды, тексттерди, тиркемелерди, сүрөттөрдү даярдоо жана кайчылаш шилтемелерди коюу ыкмаларын үйрөнүшөт. Жайгаштырууга даяр болгон материалдарды веб-сайтка жайгаштыруу процесси семинардын практикалык бөлүгүндө ишке ашат. 

Ушул эле темадагы практикалык семинар Нарын облусунда түзүлгөн беш айылдык аймактын өкүлдөрү үчүн 17-18-октябрь күндөрү Нарын шаарында болуп өтөт.