“2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жыйынтыктары

“2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жыйынтыктары

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу (SDC)  Швейцариянын Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын

ЧЕЧИМИ

Бишкек ш.                                                                                                                                                                                2018-жылдын 15-октябры.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  1. Мамытов А.Т., “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун адиси;
  2. Исмаилов А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
  3. Исалиева В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси;
  4. Нурунбетов С.Б., КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын бюджет аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Конкурстук комиссия Ош жана Нарын облустарынын ЖӨБ органдарынан түшкөн 24 (жыйырма төрт) өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

  1. Төмөнкү айыл өкмөттөрү “2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
  • Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө 100 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 1-орун;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө 80 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 2-орун;
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 70 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 3-орун.
  1. Төмөнкү айыл өкмөттөрүнө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылсын:
  • Кара-Кулжа районунун Ылай-Тал айыл өкмөтүнө;
  • Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнө;
  • Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнө;
  • Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө;
  • Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнө;
  • Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнө;
  • Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнө;
  • Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө.