“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (бейөкмөт уюмдардын) ролу” конкурсунун жыйынтыктары

“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (бейөкмөт уюмдардын) ролу” конкурсунун жыйынтыктары

Сынактын жалпы байге фонду 220 000 сомдун тегерегинде болуп, ал каражаттар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору тарабынан камсыздалган.

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (бейөкмөт уюмдардын) ролу” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын

ЧЕЧИМИ

Бишкек ш.                                                                                                                                       2018-жылдын 15-октябры.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  1. Исалиева В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси;
  2. Нурунбетов С.Б., КР Финансы министрлигинин бюджет аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы;  
  3. Исмаилов А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
  4. Балакунова А.Ж., Долбоордун өкүлү.

Конкурстук комиссия пилоттук региондордун укугу бар катышуучуларынан түшкөн 10  өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:

  1. Төмөнкү өтүнмөлөр “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (бейөкмөт уюмдардын) ролу” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
  • 1-орун – “ЖӨБ органдарынын ишин баалоо. Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо”, “Нарын муниципалдык ресурстук борбору” коомдук фонду, 80 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;
  • 2-орун – “Жатакананын жашоочуларын мобилдештирүү жана бюджеттик процесске тартуу”, “Жарандык демилгелерди колдоо лабораториясы” коомдук фонду, 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;
  • 3-орун – “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жаштарды кошкондо, жарандардын катышуусун жогорулатуу”, “Доболу жаштары” коомдук бирикмеси, 30 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;
  1. Төмөнкү иш-чаралар белгиленип, төрт өтүнмөгө 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылсын:
  • “Ата-энелердин жана окуучулардын мектептин бюджетин талкуулоого катышуусу. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу”, “Ак-Муз-Агартуу” коомдук бирикмеси; 
  • “Бюджеттик процесске гендерди эсепке алуу менен, калктын бардык катмарларынын катышуусун камсыз кылуу”, “Ак ниет – 2005” активисттердин коомдук бирикмеси; 
  • “Бюджеттик процесске гендерди эсепке алуу менен, калктын бардык катмарларынын катышуусун камсыз кылуу”,  “Большевик ынтымагы” коомдук бирикмеси; 
  • “Жарандарды жергиликтүү бюджетти талкуулоого тартууда Ноокат районунун муниципалитеттерине колдоо көрсөтүү”, “Жарандык коомду колдоо борбору – Ноокат” коомдук бирикмеси.