Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы: аймактардагы муниципалитеттер өнүгө алышабы?

Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы: аймактардагы муниципалитеттер өнүгө алышабы?

2018-жылдын 18-декабрында Нарын шаарында “Жергиликтүү бюджеттер: өзгөрүүлөрдү үмүт менен күтүү” деген аталышта Нарын облусунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана журналисттер үчүн атайын пресс-сессия болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Өнүктүрүү саясат институтунун  муниципалдык бюджеттер боюнча адиси Азамат Мамытов Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата Жогорку Кеңеш тарабынан 29-ноябрда кабыл алынган республикалык бюджетинде жергиликтүү бюджеттердин үлүшү, алардын аймактар боюнча айырмачылыктары жана алардын себептери, жергиликтүү бюджеттердин киреше булактары жана чыгашалары тууралуу маалымат менен бөлүштү. 

Мындан сырткары, жарандардын бюджеттик маалыматка болгон укугун коргоо жана ал маалыматты жеткиликтүү кылуу максатында, КР Финансы министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өнүктүрүү саясат институту тарабынан иштелип чыккан онлайн Жарандык бюджеттин алгачкы версиясы тартууланды.

Спикердин презентацияларынан кийин суроо-жоопторго кезек жетип, катышуучулардын кызыгууларын туудурган маселелер талкууланды.

Ат-Башы райондук басылмасынын журналисти жаштарга болгон шарттар эмне себептен жакшыртылбагандыгы тууралуу суроо узатып, мыйзам чегинде кандай жол менен бул маселени чечсе боло тургандыгына жооп берүүнү суранды. Катышуучулар тарабынан түшкөн суроолорго спикер укуктук база таянуу менен өз жоопторун берди. 

Пресс-сессия Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.