Ош жана Жалал-Абад облустарынын ЖӨБ өкүлдөрү мыкты практика боюнча Порталдан болгон күтүүлөрүн талкуулашты

Ош жана Жалал-Абад облустарынын ЖӨБ өкүлдөрү мыкты практика боюнча Порталдан болгон күтүүлөрүн талкуулашты

Бүгүн, 2019-жылдын 28-мартында, Ош шаарында Ош жана Жалал-Абад облустарынын он сегиз айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан иш-чара болуп өттү. Иш-чара КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалар аралык  мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА), КР ЖӨБ Союзунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун үч тараптуу өз ара кызматташуу тууралуу келишимдин алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чара фокус-топ форматында уюштурулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар жакынкы арада иштелип чыгуучу мыкты практика боюнча порталдын мазмунуна, функцияларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата ЖӨБ органдарынын пикирин билүү максаты коюлган.

“Фокус-топтор менен иштөөдө катышуучулар кызматтык милдеттери боюнча бөлүштүрүлүшөт. Андан соң бөлүнгөн чакан топтор үчүн атайын тапшырма берилип, анын натыйжасында мыкты практика боюнча порталда маалыматтын түрлөрүнө болгон муктаждыктарын аныктайбыз. Ар бир топ өзүнчө иштеп бүткөн соң калган катышуучулардын алдында топтун аткарган тапшырмасынын жыйынтыктарын тартуулайт.  Бүгүнкү иш-чарабыздын жыйынтыгында ЖӨБ органдарынын Порталдан кандай күтүүлөрү жана муктаждыктары бар экендигин аныктап, ал айтылган пикирлерди мыкты практика боюнча Порталды эске алуу менен иштеп чыгуу”, - дейт Гуляим Шамшидинова, иш-чаранын уюштуруучусу, ӨСИ мыкты тажрыйба боюнча адиси.

Иш-чаранын катышуучуларына жардам катары Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында жарык көргөн басылмалар: Жергиликтүү бюджетте жарандардын катышуусунун модели, КРнын ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата Программасы таратылып берилди.