Кыргызстандын дагы бир айылдык аймагы расмий веб-сайтка ээ болду!

Кыргызстандын дагы бир айылдык аймагы расмий веб-сайтка ээ болду!

Кечээ, 2019-жылдын 4-апрелинде, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен www.kurshab.kg расмий веб-сайты ишке киргизилди. 

Веб-сайт Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Швейцария өкмөтүнүн SDC каржылоосунда аткарылып жаткан "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун техникалык / консультациялык колдоосунда даярдалып берилди. 

4-5- апрель күндөрү веб-сайтты толук кандуу ишке киргизүү максатында Куршаб айыл өкмөтүнүн эки адиси Амиракулов Аскат жана Динмухаммед Каныбек уулу Бишкекте болуп өткөн атайын практикалык семинарга катышып, веб-сайтка маалымат жана сүрөттөрдү даярдоо жана жайгаштыруу боюнча иш алып барышты.