Жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш аракеттерин пландоо процесси

Жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш аракеттерин пландоо процесси

Бул тууралуу кеңири маалымат 2019-жылдын апрель-май айларында Ош, Нарын жана Чүй облустарынын кыркка жакын айылдык аймактарынын өкүлдөрүнүн катышусунда өтүп жаткан тренингдердин жүрүшүндө тартууланат.

2019-жылдын 16-апрелинде Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш аракеттерин пландоо” деген аталышта тренинг өтүп жатат.

Иш-чарага Алай жана Чоң-Алай райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун жана Демилгечи топтордун өкүлдөрү катышууда. Тренингдин негизги максаты – ЖӨБ органдары тарабынан план түзүүдө жарандардын катышуусу менен бирге, алардын ой-пикирлерин эске алуу.

"Тренингге "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун максаттуу муниципалитеттери болгон Бүлөлү жана Чоң-Алай айылдык аймактары менен бирге, Кашка-Суу, Ленин жана Буудалык аймактарынан жалпысынан 26 адам катышып, алардын он экиси аялдарды түздү", - деди Роза Суранчиева, Долбоордун ЖӨБ менен иш алып баруу боюнча адиси, тренер. 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар:

  • Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын (СЭӨП) маңызы жана түрлөрү. 
  • Пландоого карата ченемдик укуктук актылардагы негизги талаптар. 
  • Пландоодо калктын пикирин эсепке алуу (Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун модели (ЖЖӨБК Модели). 
  • СЭӨП даярдоонун методикасына сереп. 
  • Биргелешкен иш-аракеттер планын (БАП) иштеп чыгуу. 
  • Планды даярдоо боюнча процессти уюштуруу жана ал процесстеги иш-аракеттер планынын ресурс менен камсыздалышы.
  • БАПтын / СЭӨПтүн ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзүү. Планды коомчулук менен макулдашуу. 
  • БАПтын ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңеш тарабынан каралышы

деген темалар менен таанышып, окуунун жыйынтыгы боюнча ар бир айылдык аймак өзүнүн Биргелешкен аракеттер планын даярдайт.

Ушул эле аталыштагы тренингдердин апрель-май айларында Ош, Нарын жана Чүй облустарынын аймактарында аталган Долбоордун максаттуу айылдык аймактарынын өкүлдөрүнүн (айыл өкмөттөрүнүн адистери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү калктын активдүү мүчөлөрү - Демилгечи топтордун өкүлдөрү) жана коңшулаш жайгашкан катардагы муниципалитеттердиин өкүлдөрүнүн (айыл өкмөт башчылары, орун басарлары, жооптуу катчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары) катышуусунда өткөрүлүүсү пландалган.  

"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылат.