Кошунаңдан көрүп, өзүң андан да мыкты жаса!

Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0770) 771-711, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

Ош облусундагы бардык жети райондун 41 муниципалитетинен сексенден ашуун өкүл ачык-айкындуулукка жетүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын отчеттуулугун күчөтүү максатында жарандарды бюджеттик процесске тартуу практикасы жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү чөйрөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын жана ЖӨБ органдарынын аларды чечүү боюнча пландарын талкуулоо боюнча чогулуштарды уюштурууда жана өткөрүүдө тажрыйбалары менен бөлүшөт. Бул тажрыйба алмашуу сапарын Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштуруп жатат. Тажрыйба алмашуу сапары Ош облусунун үч элеттик муниципалитетинин базасында өткөрүлөт жана төмөнкү райондордун катышуучуларын камтыйт:

  • Жазы АА (Өзгөн району), 21-ноябрь: 20дан ашуун айыл өкмөттүн өкүлдөрү чакырылды (Өзгөн, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу).
  • Гүлистан АА (Ноокат району), 28-ноябрь: 18ден ашуун айыл өкмөтү (Ноокат, Алай, Кара-Суу).
  • Чоң-Алай АА (Чоң-Алай району), 30-ноябрь: райондун эки айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылды.

Тажрыйба алмашуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар айылдык чогулуштарда болушат. Ал чогулуштарда айыл өкмөтүнүн (АӨ) адистери ЖМБА-сессияларын (жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо) жана бардык курактагы жана жыныстагы топтордун катышуусу менен фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу аймактын тургундарына айтып беришет. Бул иш-чаралар калктын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүү пландарын түзүп, жергиликтүү бюджеттен бул максаттарга каражаттарды бөлүштүрүү максатында өткөрүлгөн. Ошондой эле Демилгелүү топтордо, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунда активисттердин иши талкууга алынат. Иш-чаралар максаттуу долбоорлордун –Долбоордун өнөктөштөрүнүн базасында өтөт. Жалпысынан Ош облусунун 10 муниципалитети максаттуу болуп эсептелинет.

“Бир облустагы муниципалитеттер арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар катышуучуларга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын иш жүзүндө көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Катышуучулар кесиптештеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү калктын диалог процессин чагылдырган иш-чараларга катышат”, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Айылдык чогулушту өткөргөндөн кийин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү коомдук иш-чараларды, анын ичинде маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо боюнча иштердин жыйынтыктары тууралуу тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришет. Сапардын катышуучулары тажрыйбаны үйрөнүп, Долбоордун консультанттары менен биргеликте коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашат. Долбоордун тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларына биздин максаттуу муниципалитеттер (өнөктөштөр) гана эмес, ошондой эле башка айыл өкмөттөрдөн да өкүлдөр катышат. Алар чакырылгандарга караганда төрт эсе көп болду. Биздин Долбоор бардыгы үчүн ачык. Максаттуу муниципалитеттердин тажрыйбасы Кыргызстандагы бардык ЖӨБ органдары үчүн жеткиликтүү болгону Долбоор үчүн маанилүү. Иш-чараларга катышуу үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этоностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин облустагы расмий өкүлү да чакырылган”.