Нарын шаарында республикалык үч сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышат

Нарын шаарында республикалык үч сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышат

Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

30-ноябрда Нарын шаарында “Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” темасына облустук форум өтөт. Форумга Нарын облусунда жашаган жана иштеген, бардык үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулары чакырылды. Форумдун катышуучулары бардык конкурстун жеңүүчүлөрү тууралуу, байге ээлерине ийгиликке жетүүгө эмнелер жардам бергени жөнүндө маалымат алышып, тажрыйба алмашып, муниципалитеттердин жана жарандык коом уюмдарынын тажрыйбасы менен тааныша алышат. Нарын облусунан аныкталган жеңүүчүлөргө жана конкурстун байге ээлерине дипломдор жана сертификаттар форумдун жүрүшүндө тапшырылат.

Иш-чараны Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштуруп жатат.

 “2017-жылдын 20-октябрында жыйынтыгы чыгарылган бардык үч конкурстун жеңүүчүлөрү кесиптештерине өз долбоорлорун тартуулашат, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Форумдун презентациялык бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин натыйжалуу талкуу жүргүзүү жана форумдун максаттарына жетүү үчүн топтордо иштөө пландалган. Биздин максатыбыз – катышуучуларга жеңүүчү долбоорлор катары чыгып жаткан мыкты практиканын мисалдарын жеткирүү. Биз конкурстардын катышуучуларына мисалдарды терең изилдеп чыгып, аларды өздөрүндө ишке ашырып көрүү мүмкүнчүлүгүн беребиз”.

2017-жылы Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун байге фонду 765 000 сомду түздү. Баары болуп конкурска үч облустан 64 өтүнмө түштү: Чүйдөн 36, Оштон 13 жана Нарындан 15. Конкурс жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо максатында уюштурулган. Муну менен конкурс ийгиликтүү демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаны андан ары кеңири жайылтуу максатын көздөдү. Ошондой эле конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн.

Конкурстук комиссия түшкөн 64 өтүнмөнү карап чыгып жана баалап, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрдү:

  • 1-орун – “Балдар – биздин келечегибиз”, өтүнмөнүн ээси Бостонбаева Телегей – “Султанмурат” бала бакчасынын башчысы, Кара-Суу айылдык аймагы, Ош облусунун Кара-Суу району, 150 000 сом суммасында байгеге ээ болду.
  • 2-орун – “Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу”, өтүнмөнүн ээси Карабалаев Мирбек – айылдык кеңештин депутаты, Учкун айылдык аймагы, Нарын облусунун Нарын району, 100 000 сом суммасында байгеге ээ болду.
  • 3-орун – “Жаштардын биримдиги – Александровка айылынын өнүгүүсү жана келечеги”, өтүнмөнүн ээси – Шарипов Абдулла, Александровка айылдык аймагы, Чүй облусунун Москва району, 70 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

Ошондой эле Конкурстук комиссия төмөнкү 15 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

  • “Билим берүү чөйрөсүндөгү шарттарды жакшыртуу”, Ак-Чий АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району,
  • “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калкка жардам берүү”, Кара-Суу АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Маданият өнүккөн жерде өсүш болот”, Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району,
  • “Семиз-Бел АА жаштарынын демилгеси”, Семиз-Бел АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Спорт – ден соолуктун булагы”, Кызыл-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук району,
  •  “Дени сак жаштар – дени сак улут!”, Ак-Башат АА, Чүй облусунун Жайыл району,
  •  “Балдарды коргоо күнүнө карата жармаңке өткөрүү”, Ивановка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  • “Балдар биздин келечегибиз”, Узун-Кыр АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  • “Бардыгы балдар үчүн”, Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  •  “Айылдагы аялдамалар – калктын коопсуздугу”, Күн-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук району,
  • “Асбест трубаларынан көпүрөлөр”, Фрунзе АА, Чүй облусунун Панфилов району,
  • «"Телегей плюс" бала бакчасы», Юрьевка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району.
  • “Жийде-Булак” бала бакчасы”, Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району, “Үй-бүлө – коом менен бириктирген көпүрө”, Шарк АА, Ош облусунун Кара-Суу району,
  • “Большевик айылында бала бакча ачуу демилгеси”, Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району,

Буга кошумча комиссия дагы 7 өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • «Ак-Талаа айылындагы "Ак-Талаа" бала бакчасынын ашканасынын ремонту», Ак-Талаа АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району,
  • “Маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, Кочкор АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Элеттин өнүгүүсү үчүн айылдык кеңештин таасирин арттыруу”, Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району.
  • «"Абад дала" жамаатынын иш тажрыйбасы», Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району,
  • “Биз баарыбыз – келечекпиз”, Мирмахмудов АА, Ош облусунун Ноокат району,
  •  “Балдардын коопсуздугун камсыздоо – бул биздин милдет”, Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району,
  •  “Жашыл айыл – бул дени сак муун”, Гроздь АА, Чүй облусунун Аламүдүн району,

Байге фонду 422 500 сомду түзгөн “2018-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” темасына конкурс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти сактоого умтулуусун колдоо максатында өткөрүлдү.

“Конкурска Чүй жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн 13 өтүнмө түштү, бирок тилекке каршы Нарын облусунан бир дагы өтүнмө түшкөн жок - деп айтып берди Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Конкурстун шарттарына ылайык, катышуучулар 2018-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүшү керек болчу. Маалымат өнөктүгүнүн сапаты, берилип жаткан маалыматтын толуктугу, даярдалган материалдардын жеткиликтүүлүгү жана калк менен кайтарым байланыш – булар баалоонун критерийлери болуп калды. Ошону менен бирге жашыруундуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан объективдүү баа берилишин камсыздоо максатында бардык конкурстук өтүнмөлөр иштелип чыгып, муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилди”.

2017-жылы байге фонду 210 000 сомду түзгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу” конкурсу. Конкурс бейөкмөт уюму катары катталган жана Чүй, Ош, Нарын облустарындагы муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары арасында өткөрүлдү. Конкурстун шарттарына ылайык, ар бир уюм бюджеттик маалыматты ачыкка чыгаруу, жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу, жарандык коомдун ролун жогорулатуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калктын ортосундагы ишенимди жогорулатуу чөйрөсүндө өз тажрыйбасын жана жетишкендиктерин көрсөтүп бериши керек болчу. Конкурска түшкөн 21 өтүнмөнү карап чыккандан кийин Конкурстук комиссия жыйынтык чыгарып, ага ылайык төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

  • 1-орун – “8х13 долбоорлорунун алкагында жарандардын кызыкчылыктарын сүрөө, “Шаар чөйрөсүнүн сапатын жана Ош шаарындагы жергиликтүү жамааттын социалдык капиталын баалоо” тууралуу изилдөөлөр, мэриянын сайтында платформа жана Oshcity мобилдик тиркемесин түзүү”, Youth of Osh коомдук бирикмеси, 80 000 сом көлөмүндө байге ыйгарылды;
  • 2-орун – “Лидерликти бекемдөө жана жергиликтүү, улуттук деңгээлдерде чечим кабыл алуу процессине элеттик активисттердин, аялдардын, жаштардын  катышуусу”, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” Ассоциациясы КЮЖ, 50 000 сом көлөмүндө байге ыйгарылды;
  • 3-орун – “БМжБ тобу аракетте”, “Щинщу” коомдук бирикмеси, 30 000 сом көлөмүндө байге ыйгарылды;

Комиссия кошумча төмөнкү беш өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугу”, Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын укуктарын коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин коомдук бирикмеси,
  •  “Жаңы-Жер айылдык аймагын 2017-2020-жылдарга өнүктүрүүнүн Стратегиялык планын бекитүү”, “Славян маданият борбору” коомдук бирикмеси,
  • “Кыргызстандагы ЖОЖдордун ишинин айкындуулугу аркылуу жогорку билим берүүгө ишенимди жогорулатуу”, “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси,
  • “Угуулардын жыйынтыгы боюнча Ош ш. 2017-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуулар, ММК менен биргеликте мониторинг жүргүзүү – Ош ш. бюджетине иш жүзүндө түшкөн кирешени көзөмөлдөө максатында Ош ш. токтотмо жайлардын хронометражы”, “Интербилим Эл аралык борбору” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы,
  •  “Мады АА жарандарын бюджеттик процесске тартуу аркылуу ачыктыкка жана айкындуулукка жетүү”, “Ак ниет – 2005” активисттердин коомдук бирикмеси.

“2017-жылы биздин Долбоордун алкагында өткөрүлгөн үч конкурстун жалпы байге фонду 1 397 500 сомду түздү, - деп жыйынтыгын чыгарды Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, бул каражатка жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынган жана дагы сатып алынат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук угууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү аспаптарды жана жабдууларды сатып алышууда. Мындан тышкары байге ээлеринин өтүнмөлөрү боюнча бала бакчалар үчүн оюнчуктар, китептер, столдор жана отургучтар сатып алынууда. Биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.