Нарын жана Ош облустарынын элеттик муниципалитеттери кайсы көйгөйлөрдү биринчи кезекте чечиш керектигин чогулушта тандап алышууда

Нарын жана Ош облустарынын элеттик муниципалитеттери кайсы көйгөйлөрдү биринчи кезекте чечиш керектигин чогулушта тандап алышууда

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2018-жылдын 16-январы
Кыргызстан, Бишкек

2018-жылдын 16-27-январь күндөрү Нарын жана Ош облустарынын кээ бир муниципалитеттеринде жашоочулар жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эмнелерге сарпташарын чечишет. Бул муниципалитеттер Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”1 Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) өнөктөштөрү болуп саналышат. жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары калктын өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуштарды2 өткөрүшөт. Бул долбоорлор инвестицияларды тартуу менен жергиликтүү бюджеттердеги каражаттардын эсебинен каржыланат. Долбоордун Чакан гранттар программасынын фонду инвестициялардын потенциалдуу булактарынын бири болуп эсептелет. Фонддун каражаттары конкурстун негизинде бөлүштүрүлөт.

“Ушул жылга Долбоордун Чакан гранттар программасынын линиясы боюнча 35 млн. сом каралган. Бул акчага Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бардык аткаруучу органдары талаптана алат. Бул үчүн алар ушул программанын конкурсуна катышып, бир долбоорго 1 млн. сомдон утуп алышы керек. Ар бир АӨ конкурска эки өтүнмө менен (ар бир 1 млн. сомдон) катышып, аймактын жашоочулары үчүн артыкчылыктуу болгон эки башка маселени чечүү үчүн эки грант алууга талаптана алат. Гранттын каражаттары ЖӨБ органынын эсебине которулуп, жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга гана жумшалышы керек. Долбоордук идеялар жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына шайкеш келүүгө тийиш. Бул артыкчылыктарды ЖӨБ органдары калктын катышуусу менен аныктап алат. Бул болсо Долбоордун негизги максатына шайкеш келет – бул жарандардын чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдук финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүү”, - деп айтты Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан Майрамбеков.

Чогулушка мүмкүн болушунча көп адамды катыштыруу максатында жана бул чогулушта жамааттын долбоорлорду тандап алуусу үчүн бардык муниципалитеттерде Долбоордун техникалык колдоосу алдында кеңири маалымат өнөктүгү өткөрүлүп жатат. Айылдык аймактарга баннерлер жайгаштырылып, чакыруу барактары таратылып, маалыматтык баракчалар адегенде такталарга илинип, андан соң калк арасында таратылды. Ушул маалда АӨнүн жооптуу кызматкерлери жана активисттер өз баяндамаларын жана жашоочулардын мүмкүн болушунча басымдуу бөлүгү – чогулуштун катышуучулары өз добуштарын алардын долбооруна бериши үчүн аргументтерин даярдап жатышат.

 

 

Долбоор тууралуу толук маалымат сайтта: http://www.vap.kg

2 Жарандардын жыйыны – 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык (2-берене) – калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын же айыл аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы