Швейцария өкмөтүнүн колдоосу алдында Чүй облусунун Александровка айылдык аймагында бала бакча ачылды

Швейцария өкмөтүнүн колдоосу алдында Чүй облусунун Александровка айылдык аймагында бала бакча ачылды

2018-жылдын 19-марты
Кыргызстан, Бишкек
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2018-жылдын 19-мартында “Балдардын достугу – улуттун күчү” долбоорунун жыйынтыкталганына байланыштуу расмий иш-чара өтөт. Аны Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Беш-Көрүк айылынын тургундары биргелешип өткөрүүдө. Аталган долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлгөн. Бул долбоорду Александровка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) колдоосу менен ишке ашырышты. ЭҮЖӨБОЖ долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

“1182 адам жашаган Беш-Корук айылындагы бала бакча мурда орто мектептин башталгыч класстарынын имараты болчу. Мектеп 1988-жылы курулган. 2000-жылы имарат муниципалдык менчикке өтүп, авариялык абалда болчу. Имаратты күтүүгө каражат жетишсиз болуп келген. Бул – Александровка айылдык аймагынын үч айылында орун алган беш мектептин бири. Бул аймакта түрдүү улуттагы 17 000 (он жети миң) киши жашайт. Мектепке даярдоо тайпаларына мектеп бара элек курактагы балдар батпай калган. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн материалдык абалы начар болгонуна карабастан, ата-энелер ишке чыга албай, үйүндө баласын карап отурууга мажбур болчу. 2015-жылы айыл өкмөтү бюджеттик процессте чечим кабыл алууда жарандардын катышуу моделин киргизүү үчүн Долбоор менен кызматташа баштады. Ошентип жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) жүрүшүндө Беш-Көрүк айылынын жашоочулары бала бакчанын жоктугун артыкчылыктуу маселе катары аныктап алышты. Айыл өкмөтү бул маселени чечүүнү өзүнүн жумушчу планына кошуп, имаратты бала бакчага берүү тууралуу чечим кабыл алды. Капиталдык ремонттон тышкары, бала бакчаны эмеректер, жабдуулар, инвентарлар менен камсыздаш керек болчу. Калктын артыкчылыктарын эске алуу менен, айыл өкмөтү дем берүүчү грантка өтүнмө жиберди. Бул гранттын эсебинен имаратка капиталдык ремонт жасалды. Аны менен катар, чатыр, каалга-терезелер, жылуулук системалары алмаштырылып, шамчырактар орнотулуп, бөлмөлөрдө ремонт жасалды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 455 200 сом, дем берүүчү гранттын эсебинен 1 808 600 сом бөлүндү. Бирок мекеме кызмат көрсөтө башташы үчүн кошумча инвестициялар талап кылынды. Демилгелүү топ “Балдардын достугу – улуттун күчү” деп аталган долбоорду иштеп чыгып, артыкчылыктуу маселени тандап алуу боюнча чогулуш маалында аны жергиликтүү тургундарга тартуулады. ЖӨБ органы чогулушта тандалган долбоорго каражат издей баштады. Чогулушта катышуучулардын көпчүлүгү бул долбоор үчүн добуш берип, айыл өкмөтү каржылоо издөөгө өтүнмө даярдоого киришти. Ошентип бул долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын конкурсуна катышууга жиберилди. Конкурстун жеңүүчүсү болгондон кийин айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине 1 000 000 (бир миллион) сом түштү. Бул акчага жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом кошуп, бала бакчада толугу менен шарт түзүп беришти. Мына ошентип калктын артыкчылыктуу маселеси чечилди – мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлдү”, - деди Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Данияр Кайназаров.

Азыр бала бакча 100 орунга эсептелинген, ал эми штатында 11 кызматкер бекитилген. Бул жылы бала бакча үчүн жергиликтүү бюджетте 961,5 миң сом көлөмүндө каражат каралды: 411,5 миң сом көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана оюн аянтчасын курууга, 550 миң сом тамактанууга бөлүнөт.

Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингден өттү. Александровка айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн бир катар конкурстардын жыйынтыктары боюнча “Азат эмерек” ЖЧК жана “Тотал Сервис” ЖЧК компаниялары жеңүүчү деп табылды. Долбоордун алкагында балдар эмеректери, шейшеп-төшөктөр, тиричилик жана компьютердик техника, ашкана эмеректери жана музыкалык аспаптар сатып алынды.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы Разия Ливазанын айтымында, башында бул маселени чечүү мүмкүн болгонуна эч ким ишенген эмес. “Бул түштөй эле болду! Биз бала бакчалуу болдук! Бул болсо биздин активисттердин ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна катышуусунун натыйжасында ишке ашты. Жигердүү болуп, күч-аракетибизди бириктирсек, бардык маселелерди чече алаарыбызга көзүбүз жетти. Бюджетти бөлүштүрүп жатышканда бизди уга башташты. Активдүү колдообуз менен айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары артыкчылыктуу маселелерибизди чечип жатышат”.

Толук маалымат алуу үчүн: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg