Швейцария өкмөтү Ош жана Нарын облустарынын 23 муниципалитетиндеги жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө 38 миллион сом грант бөлөт

2018-жылдын 23-марты.
Кыргызстан, Бишкек
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2018-жылдын 23-мартында Бишкекте “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен Чакан гранттар программасы конкурсунун жеңүүчүлөрү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда Гранттык макулдашууларга кол коюу иш-чарасы өтөт. Ага Швейцариянын КРдагы Элчилигинин, КР Президенттик аппаратынын жана Өкмөтүнүн, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА), КР ЖӨБ Союзунун жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышат.

2018-жылдын 15-мартында Чакан гранттар программасынын конкурсунун жыйынтыктары чыккан. Бул конкурс Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында Кыргызстандын Ош жана Нарын облустарынын бардык муниципалитеттери арасында жарыяланган. Жалпысынан конкурска эки облустун муниципалитеттеринен 121 өтүнмө түшүп, конкурстук комиссия Долбоордун критерийлерине жана талаптарына жооп берген 80 (сексен) өтүнмөнү карап чыкты. 

“2018-жылы бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 000 000 сомду түзөт. Конкурска түшкөн бардык өтүнмөлөр реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган коомдук угуулар жана айылдык чогулуштар маалында жергиликтүү жамаат талкуулап, артыкчылыктуу маселе катары өздөрү тандап алышкан. Көз карандысыз конкурстук комиссия долбоорлорго баа берип, жеңүүчүлөрдү тандап алган. Эми жергиликтүү кеңеш жана жергиликтүү жамаат бул долбоорлордун ишке ашырылышын тикелей көзөмөлдөшөт. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаат муниципалитеттеги артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чогуу чечкенди үйрөнүшүп, адамдардын турмуш шартын биргелешип жакшыртышат”, – деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун өкүлү, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Конкурстук комиссия мүчөлөрү ар бир өтүнмөгө коюп чыккан баллдарды кошкондон кийин конкурста эң көп балл алган 38 жеңүүчү аныкталды.

  • “Таза суу – ден соолуктун булагы”, Гүлистан АА, Ноокат району, Ош облусу;
  • “Суу – өмүр булагы”, Жазы АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  • “Суу – өмүр булагы”, Ылай-Талаа АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  • “Жолдордогу кырдаалды өзгөртсө болот!”, Шарк АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “Инфраструктураны өнүктүрүү – адамдын татыктуу жашоосунун кепили”, Кара-Суу АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  • “Таза суу – өмүр булагы”, Кызыл-Суу АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “Балдардын келечеги биздин колубузда”, Мангыт АА, Араван району, Ош облусу;
  • “Балдардын келечеги – мамлекеттин келечеги”, Шарк АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “Балдардын келечеги үчүн”, Ак-Жар АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  • “Наристелер – биздин келечегибиз”, Чаек АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  • “Заманбап билим берүү”, Гүлистан АА, Ноокат району, Ош облусу;
  • “Сергек айыл – сергек мамлекет”, Мангыт АА, Араван району, Ош облусу;
  • “Жарык көчөлөрдө жаркын жашоо”, Чоң-Алай АА, Чоң-Алай району, Ош облусу;
  • “Балдар – бул бакыт, балдар – бул жашоо”, Ылай-Талаа АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  • “Элеттик клубдун концерттик залынын капиталдык ремонту”, Кара-Суу АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  • “Ички инфраструктураны жакшыртуу – адамдардын татыктуу жашоосунун кепили”, Чаек АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  • “Жаркын келечек – жаштар үчүн”, Учкун АА, Нарын району, Нарын облусу;
  • “Жарык көчө – жарык жашоо”, Кызыл-Суу АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “Жылуу мектеп – сапаттуу билим берүүгө карай жол”, Учкун АА, Нарын району, Нарын облусу;
  • “Балдардын коопсуздугу – келечектин коопсуздугу”, Ак-Тал АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  • “Бала бакчанын жылуулук системасын калыбына келтирүү, терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу”, Мады АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “Мектепте терезелерди жана эшиктерди пластикке алмаштыруу”, Бүлөлү АА, Алай району, Ош облусу;
  • “Балдардын келечеги – биздин колубузда”, Көк-Жар АА, Ноокат району, Ош облусу;
  • “Балдар – биздин келечегибиз”, Ак-Муз АА, Ат-Башы району, Нарын облусу;
  • “Мектептин жылытуучу системасын оңдоо”, Бүлөлү АА, Алай району, Ош облусу;
  • “Эл – таланттардын кенчи”, Ак-Жар АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  • “Ачык-айкындуулукка жеткиликтүүлүк”, Көк-Жар АА, Ноокат району, Ош облусу;
  • “Жаштар – биздин келечегибиз”, Чоң-Алай АА, Чоң-Алай району, Ош облусу;
  • “Жаштар үчүн жаркын келечек”, Ак-Тал АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  • “Жабдууланган мектеп – сапаттуу билим берүүгө карай жол”, Ак-Муз АА, Ат-Башы району, Нарын облусу;
  • “Спорт – тынчтыктын элчиси”, Жазы АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  • “Бала бакчада кошумча тайпа ачуу”, Кочкор АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  • “Таза суу”, Сары-Булак АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  • “Орто мектепте терезелерди алмаштыруу”, Байзак АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  • “Келечектин балдары”, Мирмахмудов АА, Ноокат району, Ош облусу;
  • “Элеттик клубга жабдууларды сатып алуу”, Төлөйкөн АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  • “ФАПтын жана бала бакчанын капиталдык ремонту”, Ургут АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  • “Таза суу – ден соолуктун булагы”, Ак-Талаа АА, Ат-Башы району, Нарын облусу.

Кошумча маалымат алуу үчүн Долбоордун Коомдук байланыш жана маалымат боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылыңыз: +996 555 313385, +996 770 771711, e-mail: njamankulova@dpi.kg