“Инфраструктураны өнүктүрүү – адамдын татыктуу жашоосунун кепили” долбоору жыйынтыкталды

2018-жылдын 5-декабры.
Кыргызстан, Нарын
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2018-жылдын 6-декабрында Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык аймагындагы Мантыш айылынын тургундары үчүн элеттик клубдагы жаңыланган концерттик зал эшигин ачат. Бул жергиликтүү жамаат менен аталган муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен күч-аракети менен мүмкүн болду.

Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок жана Орток айылдары мурда “Коммунизм” совхозуна карачу. Азыр бул айылдар Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык аймагында жайгашкан. 70-жылдары совхоздо элеттиктердин маданий өнүгүүсү үчүн түрдүү иш-чараларды өткөрүү максатында эки имарат курулган. Маданият үйү Орток айылында, ал эми элеттик клуб Мантыш айылында курулган эле.

“Эки имарат тең авариялык абалда турган жана стандарттык талаптарга шайкеш келген эмес, чукул капиталдык ремонт зарыл эле. 1994-жылы имарат ЖӨБОнун балансына өткөрүлүп берилген. Ал эми эки жылдан кийин ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын жалпы күч-аракети менен клубда жеңил ремонт жасалган. Имаратты сактап калып, маданий салттарыбызды кайтаруу үчүн каражат издеп, болгон күчүбүздү жумшаган элек. Акыры аракетибизден майнап чыгып, 209-жылы Кара-Суу АА имараттын чатырын алмаштырууга дем берүүчү грант утуп алган. Бирок элеттик клубдун имаратынын капиталдык ремонту дайыма артыкчылыктуу маселелердин бири бойдон калып келди”, - деп айтты “Элеттик клубдун концерттик залынын капиталдык ремонту” аттуу чакан долбоордун жетекчиси Муканов Нурбек.

Ушул тапта айылда 6555 адам жашайт, үй кожолуктарда жашагандардын саны – 1391. Алардын ичинен жаштар калктын 35% түзөт. Мантыш айылынын тургундары элеттик клубга капиталдык ремонт жасоо маселесин көбүрөөк көтөрө баштады. Элеттиктер маданий иш-чаралар өткөрүлбөй калганына, жылуулук системасынын жоктугуна, көрүүчүлөр үчүн отургучтар талкаланып, эшик-терезелер жараксыз абалга келгенине, аппаратуранын жоктугуна ж.б. нааразы болуп жатышты. Айылдагы жаштар имаратты сактап калып, клубду толук оңдоп алуу үчүн каражат табылып калабы деген үмүт менен буга чейин чакан ремонттук иштерди жасап келишкен. Ошентип айыл жаштары демилге көтөрүп, талкаланып бараткан “маданий” имаратка капиталдык ремонт жасоого даярдыгын билдирип, акысыз иштеп берүүнү сунушташты. Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чаралар маалында элеттик клубга капиталдык ремонт жасоо маселеси артыкчылыктуу көйгөй катары аныкталып, Биргелешкен аракеттер планында чагылдырылган.

2018-жылдын 25-январында Чакан гранттар программасынын конкурсуна жиберүү максатында артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуш өткөн. Бул конкурс Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) алкагында өткөрүлгөн. Иш-чаранын катышуучуларынын назарына беш артыкчылыктуу көйгөй сунушталган:

  • элеттик клубдун залынын капиталдык ремонту,
  • атайын техниканы сатып алуу,
  • бала бакчанын ремонту,
  • чакан футбол талаасынын курулушу,
  • көчөлөргө жарык өткөрүү.

Долбоорлор менен тааныштырып чыккандан кийин алар жалпы добушка коюлду. Анын натыйжасында “Элеттик клубдун концерттик залынын капиталдык ремонту” долбоору эң көп добушка ээ болду (239 добуштун 81ин алды). Андан соң ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагындагы конкурстук тандоодон өттү.

Долбоордун жалпы баасы 1 150 000 сомду түзүп, анын ичинен 1 миллион сом ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын линиясы боюнча бөлүнсө, 150 000 сом жергиликтүү бюджеттен берилди.

Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде жумуштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингге катышты. Кара-Суу айыл өкмөтү өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча “КочкорСтройСервис” компаниясы жана “Азат Мебель” эмерек фабрикасы жеңүүчү деп табылды. Гранттык долбоордун алкагында төмөнкүдөй иштер жасалды: элеттик клубга жылытуучу система орнотулуп, капиталдык ремонт жасалып, ошондой эле көрүүчүлөр залы үчүн отургучтар сатып алынды.

Кыш мезгилинде бардык иш-чаралар Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектептин жыйындар залында өткөрүлүп келет. Ошондуктан Нурбек Муканов элеттиктердин кыялы орундалып, түрдүү маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү боюнча салттар жанданат деген үмүт менен клубдун имараты үчүн чын дилинен күйүп жүрдү. Эми бул клубда ыр-кесе, эстрада жылдыздарынын концерттери, бий ийримдери, чыгармачыл адамдардын көргөзмөлөрү, сахналаштырылган спектаклдер, чыгармачыл кечелер, салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле айылдын өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү болгон коомдук угуулар жана чогулуштар өткөрүлүп турмакчы.