Нарын облусунун 36 айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу сапарына катышат

Нарын облусунун 36 айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу сапарына катышат

2019-жылдын 4-июну.
Нарын, Кыргызстан
ПРЕСС-РЕЛИЗ

Тажрыйба алмашуу сапары 2019-жылдын 4 жана 6-июнь күндөрү Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Жумгал райондорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган сапардын катышуучулары Ак-Муз, Учкун жана Чаек айылдык аймактарынын 2019-2020-жылдарга Биргелешкен аракеттер планынын долбоорун ЖӨБ органдарынын жергиликтүү активисттер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен талкуулоосуна күбө болушат.

“Жалпысынан үч тажрыйба алмашуу сапары пландалып, аларга Ат-Башы районунун 10, Нарын районунун 14 жана Жумгал районунун 12 айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда аталган Ак-Муз, Учкун жана Чаек айылдык аймактарынын ЖӨБ органдары жергиликтүү тургундар жана активисттерге 2019-2020-жылдарга карата Биргелешкен аракеттер планын тартуулашат. Мындан тышкары, Долбоордун адистери тарабынан 2019-жылдын Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата ЖӨБ органдарына көрсөтүлүүчү колдоо: маалымат өнөктүгү, муниципалдык веб-сайт, он-лайн жарандык бюджет жана алар менен иштоо боюнча видео-сабактар тууралуу маалымат берилет. Бүгүн, 4-июнда Ак-Муз жана Учкун айылдык аймактарында, 6-июнда Учкун айылдык аймагында өтөт, - деди Гуляим Шамшидинова, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун1 мыкты тажрыйба боюнча адиси, иш-чаранын уюштуруучусу.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын алкагында катышуучуларга объекттерди кыдырып, кесиптештеринин иш-чарапарына катышып, аларга даярдык корyy тууралуу маалымат алуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын практика жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар уюштуруучу ЖӨБ органдарынын мисалында кандай тоскоолдуктар болyп, ийгиликке кантип жетишкендиктери тууралуу маалымат алып, өз суроолорун бере алышат.

Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0770) 771-711, (0555 / 0500) 313-385, эл. дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

 

------------------

1 “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.