Гранттык программалар жана инвестициялар аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү мүмкүнбү?

Гранттык программалар жана инвестициялар аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү мүмкүнбү?

2019-жылдын 18-19-сентябрь күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айылдык аймагында жана Алай районунун Бүлөлү айылдык аймагында Ош, Нарын жана Чүй облустарынын отуздай жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) өкүлдөрү – айыл өкмөт башчылары жана тиричилик-коммуналдык чарбачылыгына байланышкан маселелер үчүн жооптуу адистери – катышкан мыкты тажрыйбалар менен таанышуу сапары болуп өтөт.

Тажрыйба алмашуу сапары Кыргызстандын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Нарын жана Чүй облустарынын аймактарында 2011-жылдан тарта аткарылып келе жаткан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлөт[1].

“Иш-чара Кыргызстандын аймактарында гранттык программаларды ишке ашыруу жана инвестицияларды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) ийгиликтүү практикасын жайылтуу, ошондой эле ЖӨБО менен БМжБ тобунун (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу) чогуу аткарган ишинин жыйынтыктарын көрсөтүү максатында уюштурулат. Анткени тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө өз облусундагы муниципалитеттердин иш-чараларына катышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул иш-чараларды алардын кесиптештери Долбоордун колдоосунда уюштурулган тренингде алган билимди колдонуп өткөрүп турушат. Мындай иш-чаралардын катышуучулары кесиптештери менен тажрыйба алмашып, өз тажрыйбасын салыштырып, жарандарды бюджеттик процесске тартуу маалында пайда болгон кыйынчылыктарды чогуу карап чыгып, бардыгы үчүн маанилүү маселелерди чечүүнүн жолдорун издешет. Бүгүнкү күндө Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринин ЖӨБ органдары бир топ чөйрөлөрдө ийгиликке жете алышты. ЖӨБ органдарынын ишиндеги ачык-айкындуулук, жарандарды бюджеттик процесске катышуусу, ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу, муниципалдык кызмат көрсөтүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү, өздөрүнүн жана өткөрүлүп берилген, мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу өңдүү багыттар боюнча бир топ жылыштар байкалууда”, - деди Бектурган Орозбаев, Долбоордун Улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча Менеджери.

ЖМК үчүн байланыш маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313385, 0770 771711, njamankulova@dpi.kg

 

[1] Долбоор ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттин каражатын башкарууда ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог курууга жардам берүү жана ЖӨБ органдары чечим кабыл алып жатканда калктын муктаждыктарын эске алгыдай шарт түзүү максатын көздөйт. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында бардык муниципалитеттер үчүн түрдүү тренингдер өткөрүлөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык жарандардын ЖӨБгө катышуусун камсыз кылуунун жаңы усулдарын колдонуу боюнча консультациялар берилет, ошондой эле тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Толук маалымат: www.vap.kg