КР Мамлекеттик кадр кызматы КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү тартиби тууралуу Усулдук колдонмону сунуштайт

КР Мамлекеттик кадр кызматы КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү тартиби тууралуу Усулдук колдонмону сунуштайт

Тегерек столго мамлекеттик органдардын кадр кызматынын адистери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары катышат.

2015-жылдын 30-октябрында Бишкекте тегерек стол талкуусу өтөт. Аны КР Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) менен биргелешип уюштурууда.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга керектөөнү аныктоо жана окуунун натыйжалуулугуна баа берүү тартиби тууралуу МККнын Усулдук колдонмолорун тестирлөөнүн жыйынтыктары менен тааныша алат.

2015-жылдын жай мезгилинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга керектөөнү аныктоо жана мониторинг, баа берүү боюнча МККнын Усулдук колдонмолору тестирлөөдөн өткөн. Иш-чара МККнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын мындан ары да өркүндөтүү жана сапатын жогорулатуу максатын көздөгөн. Тестирлөө 2014-жылы Мамлекеттик тапшырыктын алкагында окуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле алардын жетекчилери арасында сурамжылоо жүргүзүү форматында өткөрүлгөн. Тестирлөөнүн алкагында жүздөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы сурамжылоого катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча тестирлөөнү жүргүзүү боюнча МККга караштуу жумушчу топ сунуштарды даярдап, алар МККнын Усулдук колдонмолорун кайра иштеп чыгууда колдонулган.

Долбоордун муниципалдык кызмат боюнча адиси Нурдин Күмүшбековдун айтымында, Усулдук колдонмо мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү тартибин жөнгө салат. “Бул баа берүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга Мамлекеттик тапшырыкты аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кандай таасир тийгизерин аныктоого багытталган”, - деди ал. 

Тегерек столго мамлекеттик органдардын кадр кызматынын адистери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары катышат.

Иш-чара өтчү күн жана убактысы:   2015-жылдын 30-октябры, 10:00дөн 12:00гө чейин.

Иш-чара өтчү жердин дареги: Бишкек шаары, “Парк Отель”, “Дипломат” жыйындар залы

Толук маалымат үчүн: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg