Чүй облусундагы элеттик муниципалитеттердин 150дөн ашуун өкүлү долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды башкаруу боюнча окуудан өтөт

Чүй облусундагы элеттик муниципалитеттердин 150дөн ашуун өкүлү долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды башкаруу боюнча окуудан өтөт

Бул тренингдердин жыйынтыгы боюнча гранттарга долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жаатында иштер жүргүзүлөт.

2016-жылдын 12-январынан 21-январга чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун бардык район борборлорунда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча тренингдер өтөт.

Тренингдер Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында уюштурулат. Окууларга Чүй облусунун бардык айылдык аймактарынын жана Кемин шаарынын 150дөн ашуун өкүлү катышат.

Окуулар жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу жолу менен башкаруу боюнча аспаптар тууралуу билим берип, көндүмдөргө үйрөтүү максатында өткөрүлүп жатат.

Тренер, Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан Майрамбековдун айтуусунда, окууларга жергиликтүү жамааттардын лидерлери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештердин депутаттары чакырылган. “Биздин тренингдердин негизги катышуучулары – Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринин өкүлдөрү. Бирок биз Чүй облусунун максаттуу эмес айыл өкмөттөрүнүн ар биринен бирден кызматкерди чакырдык, - дейт тренер. – Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар долбоордун маңызы жана турмуштук цикли тууралуу маалымат алышат; топтордо иштөө маалында пландалган долбоорлордун максаттарын жана тапшырмаларын түзүшөт, долбоордун логикалык чеги, мониторинг жана баалоо системасы менен таанышат. Ошондой эле тренингдин катышуучуларына Гранттык программаны ишке ашыруу боюнча Жобо жана грантка өтүнмө берүүнүн формасы сунушталат”.

Бул тренингдердин жыйынтыгы боюнча гранттарга долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жаатында иштер жүргүзүлөт. Сынактын негизинде тандалып алынган бир нече долбоорго 1 миллион сомго чейинки көлөмдө колдоо көрсөтүлөт.

Чүй облусунда тренингдерди өткөрүүнүн графиги:

 

Маалымат үчүн: “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун Өнүктүрүү саясат институту аткарат жана Швейцария Өкмөтү каржылайт. 2015-жылдын июнь айынан тарта Долбоор Чүй облусунун аймагында конкурстун негизинде тандалып алынган 12 максаттуу муниципалитет менен иштеше баштады. Долбоордун ишинин алкагында Чүйдөгү муниципалитеттер техникалык, маалымат берүүчү жана гранттык колдоого ээ болушат.

Толук маалымат үчүн:     Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg