Бишкекте жогорку окуу жайлар арасында жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы өтөт

Бишкекте жогорку окуу жайлар арасында жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы өтөт

Толук маалымат алуу үчүн: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2016-жылдын 26-майы
Кыргызстан, Бишкек                                            

“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” темасына жогорку окуу жайлар арасында жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы 2016-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтөт. 

Конференция 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын мартына чейин Кыргызстанда өткөн докладдар конкурсунун жыйынтыктоочу иш-чарасы катары уюштурулмакчы.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы түрдүү жогорку окуу жайлардан жаш изилдөөчүлөр, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашат.

Конкурстун жана конференциянын максаты – болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, көйгөйлөрүнө жана келечегине буруу.

Конкурска катышууну каалаган студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн уюштуруучулардын аракеттери менен өлкөнүн 7 жогорку окуу жайында ачык лекциялар өткөрүлүп, аларга 1000ден ашуун киши катышкан. Лекцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө чоң практикага жана тажрыйбага ээ болгон Өнүктүрүү саясат институтунун адистери жана эксперттери өткөрдү.

Конкурстук комиссия докладдарды тандап алып, конференцияга өз доклады менен чыга турган талапкерлерди аныктады. Талапкерлер төмөнкү багыттарда даярдалган өз докладдарын тартуулашат:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;
  • муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу.

Талапкерлердин мыктыларына конференцияда дипломдор жана планшеттер, фотоаппараттар жана электрондук китептер түрүндө баалуу сыйлыктар тапшырылат. Жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий жетекчи болгон педагогдор да китеп дүкөнүнө белек сертификаттарын алышат.

Конференцияны Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу алдында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштурууда.