Жаңы жылда жаңыланган суу мунарасы

Жаңы жылда жаңыланган суу мунарасы

Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылыңыз. Тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

2017-жылдын 12-январында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айылдык аймагынын Буденовка айылында “Таза суу – ден соолуктун кепили” аттуу гранттык долбоорду жыйынтыктоо боюнча расмий иш-чара өтөт. Аталган долбоордун алкагында суу мунарасын оңдоо жолу менен Буденовка айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо шарттары оңолду.

Бул долбоорду Кочкорбаев айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) колдоосу менен ишке ашырышты. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келет.

Айылдагы суу мунарасынын башкы имараты 1965-жылы курулган. Ошондон бери суу мунарасынын жабдуулары бир кыйла эскирген. Буденовка айылындагы эки көчөдө жана айылдын чет жакасында таза суу болгон эмес. Ошондой эле суу басымы начар болгондуктан көп жерлерге таза суу жетпей жаткан. Трубалар эскирип, абалы начар болчу. Суу менен жабдуу системасын оңдоо маселелери менен алектенчү квалификациялуу адис да, жарылып кеткен трубаларды өз убагында оңдоо үчүн техника да болгон эмес. 

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо боюнча айыл тургундарынын чогулушунда үч долбоор сунушталган: таштанды чыгаруу үчүн шарт түзүү боюнча долбоор, Кеңеш жана Буденовка айылдарына жарык берүүнү камсыздоо боюнча долбоор жана Буденовка айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоор. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча үч көйгөйдүн ичинен элеттиктер суу мунарасын оңдоо жолу менен Буденовка айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорду тандап алышты. Андан соң бул долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын конкурсунан да ийгиликтүү өттү.

Долбоордун жалпы баасы 1 272 006 сомду түздү. Анын ичинен 1 млн. сомду Чакан гранттар программасы берсе, 272 006 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде жумуштарды сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингден өтүштү. Кочкорбаев АӨ өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча «Катаган» ЖЧК компаниясы жеңүүчү деп табылды.

Гранттык долбоордун алкагында суу мунарасы алмаштырылып, анын жанындагы аймак абатталды.