Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө коррупцияга каршы туруу: жыйынтык барбы?

Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө коррупцияга каршы туруу: жыйынтык барбы?

ПРЕСС-РЕЛИЗ
10-декабрь, 2017-ж.
Бишкек ш.

2016-жылдын 9-декабрында “Бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө коррупцияга каршы туруу” темасына пресс-сессия өттү.

Пресс-сессиянын жүрүшүндө КР Финансы министрлигинин өкүлдөрү министрликтин коррупцияга каршы туруу боюнча 2016-жылга карата иш-чаралар Планын жана анын ишке ашырылышынын жыйынтыктарын тартуулашты.

КР Финансы министрлигинин коррупцияга каршы туруу бөлүмүнүн башчысы Жибек ДҮЙШЕЕВАнын айтымында, План боюнча 7 бөлүккө кошулган 50 иш-аракет пландалган:

  • Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун ченемдик-укуктук жана уюштуруучулук камсыздалуусу (17 иш-чара),
  • Коррупциянын тармактык шарттарын жана себептерин, коррупциялык тобокелдиктерди жана аларды жок кылуу боюнча механизмдерди аныктоо (1 иш-чара),
  • Кадрдык камсыздоо жана чектөөлөр менен тыюу салуулардын сакталып жатканын контролдоо системасын өркүндөтүү, мамлекеттик кызматта кызыкчылыктар кагылышын аныктоо жана жок кылуу (5 иш-чара),
  • Министрликтин ишинде ачыктыкты жогорулатуу жана маалыматтык айкындуулукту камсыздоо (15 иш-чара),
  • Министрликтеги коррупцияга каршы туруу процессине жарандык коом институттарын тартуу (3 иш-чара),
  • Коррупцияга каршы түзүлүштөр жана кызматкерлер арасында коррупцияга каршы жүрүм-турумга үгүт жүргүзүү (6 иш-чара),
  • Мамлекеттик кызматта ак ниет башкаруу жана этикалык стандарттарды жайылтуу (3-иш-чара).

Бул Пландын аткарылышына алгачкы антикоррупциялык мониторинг КР Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин, Өнүктүрүү саясат институту жана “Ачык-айкын бюджет үчүн” альянсы” КЮЛ өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлдү. Мониторинг КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы №44-б буйругу менен бекитилген Коррупцияга каршы мониторингдин жана баалоонун Методологиясына ылайык жүргүзүлдү.

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Сүйүнтбек МУСУРАЛИЕВ Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасындагы коррупцияга каршы туруу темасына баяндама жасады. Анын маалыматына ылайык, коррупциялык иш-аракеттер негизинен сатып алууларды пландоо, конкурстук документтерди түзүү (конкреттүү катышуучуларга талаптарды иштеп чыгуу), сатып алынчу товарларга/жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө башынан эле жогорулатылган бааларды коюу процессинде, конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо жана келишимди администрациялоо процедурасында башталат.

“Коррупциялык схемаларды алдын алуу жана алар менен күрөшүү максатында укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча иштер жасалып, www.zakupki.gov.kg порталы аркылуу Электрондук сатып алуулар усулу киргизилди жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан мамсатып алууларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Ошондой эле биз мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, Порталдын функцияларын жакшыртуу жана кеңейтүү, Порталды Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын электрондук системалары менен интеграциялоо боюнча туруктуу негизде жумуштарды жасап турабыз. Көзөмөл жана укук коргоо органдары менен биргелешкен иштер жасалат. 2016-жылдын 9 айы ичинде аныктама кат түрүндө 45, түрдүү суроо-талаптар, түшүндүрмөлөр боюнча 57 корутунду берилди, - деди ал.

Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Нукеш КОЖОБЕРГЕНОВ катышуучуларга бюджеттик каражаттарды алуучунун Картасы (БКА Картасы) тууралуу айтып берди. Бул Картаны жайылтуу боюнча долбоор КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, КР Улуттук банкы, “БАПБ” ЖАК (Банктар аралык процесстик борбор) жана “Инфо-Система” менен биргеликте ЭЛКАРТ улуттук банк картасынын базасында ишке ашырылып жатат.

“ЭЛКАРТ төлөм карталарын чыгаруу, тейлөө жана коштоо Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылат, бул болсо коопсуздуктун зарыл болгон деңгээлин камсыздайт. Ушул тапта ЭЛКАРТсистемасынын тикелей катышуучулары болгон коммерциялык банктар менен катар КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы да бул системага кошулду. БКА Картасы бюджеттик уюмдар үчүн нак акча алуунун эффективдүү жана ыкчам механизми катары КР ФМ Борбордук казыналыгынын системасында накталай формада бюджеттик уюмдардын чыгашаларын эсепке алууну автоматташтыруунун деңгээлин жогорулатуу максатында чыгарылууда, - деп билдирди Н. КОЖОБЕРГЕНОВ.

“Ачык бюджет” порталы жана КР Финансы министрлигинин сайты аркылуу ачык маалыматтар менен кантип иштесе боло турганы жөнүндө ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Назира ТЮЛЮНДИЕВА айтып берди. Кыргызстандын айылдык аймактарынын жергиликтүү бюджеттеринин чыгашалары жана кирешелери боюнча маалыматтардын мисалында ал аталган сайттарда маалымат табуу канчалык жеңил жана жөнөкөй болгонун көрсөтүп берди.

Баяндаманын соңунда журналисттер аларды кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Суроолор негизинен мамсатып алууларга, БКА Картасына жана дем берүүчү гранттарга тиешелүү болду.