Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги мектеп жашына чейинки балдарга шарттарды жакшыртууга көмөктөштү

2017-жылдын 2-ноябрында Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык аймагынын Кайырма айылындагы “Алтын уя” бала бакчасында “Балдар биздин келечегибиз” долбоору жыйынтыкталганына байланыштуу расмий иш-чара өтөт. Аталган долбоордун алкагында мектепке чейинки билим алуунун шарттары жакшыртылган. Бул үчүн "Алтын уя" бала бакчасы үчүн жабдуулар жана эмеректер сатып алынган. Аларга Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоору колдоо көрсөткөн.

Аймакта 2015-жылы мектептин базасында 75 орундуу бала бакча ачылган. Бирок жергиликтүү бюджеттеги каражаттын жетишсиздигинен улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бала бакчаны эмеректер жана жабдуулар менен толук камсыздоого каражат бөлө албай келген. Бала бакчанын имараты жана бөлмөлөрү канааттандырарлык абалда болгону менен, эмеректин жетишсиздигинен улам бакчага 50 бала гана барчу. Бир керебетте экиден бала жатчу, мектептен убактылуу колдонууга алынган парталар пайдаланып келген, бул болсо стандарттарга жооп бербейт, эмеректин жоктугунан улам оюн бөлмөлөрү ээнсиреп турган, отургучтар, кийим жана китептер үчүн шкафтар жетишсиз эле. Долбоорду тандап алуу боюнча айылдык чогулушта катышуучулардын көбү бала бакча үчүн жабдууларды жана эмеректерди сатып алуу боюнча долбоорду колдоого алышты. Бул долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагындагы конкурстук тандоодон да өттү.

Долбоордун жалпы баасы 1 100 000 сомду түздү. Анын ичинен 1 млн. сом Чакан гранттар программасынан, ал эми 100 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингден өттү. Онбир-Жылга АӨ өткөргөн бир катар конкурстардын жыйынтыктары боюнча жеке ишкер Масальбекова Д.Ж. жеңүүчү деп табылды. Долбоордун алкагында жылыткычтар, шкафтар, балдар үчүн отургучтар, ашкана эмеректери, жууркан-төшөктөр, кеңсе техникасы, оюнчуктар жана китептер сатып алынды. Ушул тапта бала бакчага 60 бала барат, ошондой эле жаңы балдарды кабыл алып, документтерин жол-жоболоштуруу процесси жүрүп жатат.

Толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg