Боролдойлуктар "Жакшы нерсенин баарын балдарга" арнашууда

2017-жылдын 2-ноябрында Боролдой айылдык аймагынын Боролдой айылындагы "Жоодарбешим" бала бакчасында "Жакшы нерсенин баары балдарга" долбоорун жыйынтыктоого арналган расмий иш-чара өтөт. Аталган долбоордун алкагында мектепке чейинки билим алуунун шарттары жакшыртылган. Бул үчүн "Жоодарбешим" бала бакчасы үчүн жабдуулар жана эмеректер сатып алынган. Аталган долбоор Боролдой айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчү менен ишке ашырылган. Аларга Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоору колдоо көрсөткөн.

Акыркы 20 жыл ичинде Боролдойдогу "Жоодарбешим" бала бакчасында жабдуулардын, эмеректин жана инвентардын жоктугу айылдагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Жылуулук системасы бала бакчанын имаратын көп жакшы жылыта албай, электр жылыткычтарды сатып алуу керек эле. Бала бакчада тарбияланган балдардын жакшы тамактануусун уюштуруу үчүн ашкана жабдууларын сатып алуу талап кылынган. Ашкана жабдуусу СССР тарагандан бери жаңыланган эмес жана анын басымдуу бөлүгү эскилиги жетип, катардан чыккан. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоонун жаңы усулдарын колдонуу үчүн оюн залдарын китептер, оюнчуктар, телевизорлор жана ноутбуктар өңдүү заманбап жабдуулар менен жаңыртуу көңүл чордонунда турган маселе болду.

Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жүрүшүндө мектепке чейинки сапаттуу билим алуу үчүн шарттардын жоктугу көйгөйү аныкталган. Ошондой эле бул көйгөй аймактын Биргелешкен аракеттер планында чагылдырылган. Андан соң артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча чогулушта "Жакшы нерсенин баары балдарга" долбоору эң көп добуш алып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында конкурстук тандоодон өттү.

Долбоордун жалпы баасы 1 100 000 сомду түздү. Анын ичинен 1 млн. сом Чакан гранттар программасынан, ал эми 100 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингден өттү. Боролдой АӨ өткөргөн бир катар конкурстардын жыйынтыктары боюнча жеке ишкерлер Масальбекова Д., Мотоев А. жана Сатыбеков А. жеңүүчүлөр деп табылды. Долбоордун алкагында китеп шкафтары, балдар үчүн столдор жана отургучтар, ашкана эмеректери, жууркан-төшөктөр, матрацтар, кеңсе техникасы жана телевизор сатып алынды.

Толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg