Бишкекте Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган көргөзмө ачылат

Расмий ачылышы 2017-жылдын 2-ноябрында саат 15.00дө боло турган бул көргөзмө 2-ноябрдан 19-ноябрга чейинки аралыкта Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде уюштурулат. Көргөзмөдө Кыргызстандын аймагында 2017-жылдын 1-майынан 1-октябрга чейин өткөрүлгөн "ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР - 2017" аттуу плакаттардын Улуттук сынагынын катышуучуларынын иштери коюлат. 

Көргөзмөнүн ачылышында сынактын авторлору, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА), Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, сынактын катышуучулары жана каалоочулар катышышат. Иш-чаранын расмий ачылыш бөлүгүндө аталган сынактын жыйынтыктары чыгарылган протокол жарыяланып, сынактын жеңүүчүлөрүнө жана байгелүү орундардын ээлерине дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Сынакты Өнүктүрүү саясат институту жана “Муниципалитет” журналы уюштуруп, Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору сынакка финансылык колдоо көрсөттү. Сынакты уюштурууга Дизайн.КГ, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Союзу, Чуйков атындагы Көркөм окуу жайы, “СХ” журналы көмөктөштү.

Маалымат: “ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР – 2017” плакаттар сынагы Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Сынактын максаты – ЖӨБго байланышкан көйгөйлөрдү гана көрсөтпөстөн, ошону менен бирге бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, ЖӨБдүн ийгиликтүү ишинин мисалдарын да чагылдыруу. Сынакка катышууга ар кандай техникада аткарылган автордук плакаттар кабыл алынды. Бирок бир автор (же авторлор тобу) үчтөн ашпаган эмгегин жибере алмак. Плакаттар графикалык, шрифттик же фотографиялык элементтерди камтышы керек болчу. 2012-жылы жана 2014-жылы өткөрүлгөн сынактардын материалдарын көбү «Муниципалитет” журналында жарыяланып, аларды журнал өз тексттерине иллюстрация катары колдонгон. 2017-жылы сынакка 84 автордон 178 плакат түштү: Оштон – 10, Жалал-Абаддан – 2, Ысык-Көлдөн – 12, Бишкектен – 26.

Толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg