Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган "ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР - 2017" аттуу плакаттардын Улуттук сынагынын жыйынтыктары чыкты

Сынак Кыргызстандын аймагында 2017-жылдын 1-майынан 1-октябрга чейин өткөрүлдү. Сынактын шарттарына ылайык, ага 14 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле өлкөдө туруктуу жашаган адамдар катыша алмак; кесипкөй сүрөтчүлөргө жана дизайнерлерге, ошондой эле чыгармачыл адистикке окуган студенттерге да сынакка катышууга уруксат берилген.

Сынакты Өнүктүрүү саясат институту жана “Муниципалитет” журналы уюштуруп, Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору сынакка финансылык колдоо көрсөттү. Сынакты уюштурууга Дизайн.КГ, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Союзу, Чуйков атындагы Көркөм окуу жайы, “СХ” журналы көмөктөштү.

“ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР – 2017” плакаттар сынагы Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Сынактын максаты – ЖӨБго байланышкан көйгөйлөрдү гана көрсөтпөстөн, ошону менен бирге бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, ЖӨБдүн ийгиликтүү ишинин мисалдарын да чагылдыруу. Сынакка катышууга ар кандай техникада аткарылган автордук плакаттар кабыл алынды. Бирок бир автор (же авторлор тобу) үчтөн ашпаган эмгегин жибере алмак. Плакаттар графикалык, шрифттик же фотографиялык элементтерди камтышы керек болчу. 2012-жылы жана 2014-жылы өткөрүлгөн сынактар бай материалдарды чогултту, алардын көбү «Муниципалитет” журналында жарыяланып, аларды журнал өз тексттерине иллюстрация катары колдонгон. 2017-жылы сынакка 84 автордон 178 плакат түштү: Оштон – 10, Жалал-Абаддан – 2, Ысык-Көлдөн – 12, Бишкектен – 26”, - деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова.

Конкурстук комиссия бардык сүрөттөрдү карап чыгып, 10-октябрда сынактын жыйынтыктарын чыгарды. Ошентип, байгелүү орундар төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлдү:

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун: Марина Блинова, (Бишкек) “Уникалдуу экспонат”, 60 миң сом  
  • 2-орун: Антон Казаковцев, (Бишкек) “Бак кыюу оюну”, 30 миң сом  
  • 3-орун: Сонун Толукбаева (Чолпон-Ата), “Жол жегичтер”, 10 миң сом 
  • 3-орун: Анатолий Цыбух (Ош) “Муниципалитет кантип иштейт” (триптих), 10 миң сом 

“Аялдар жана ЖӨБ” атайын байгеси:

  • Салтанат Кайбылдаева (Ош) сүрөттөр сериясы, 15 миң сом

Шыктандыруучу байгелер:

  • Камал Жалалов (Жалал-Абад), 5 000 сом
  • Алексей Скачков (Бишкек), сүрөттөр сериясы, 5 000 сом
  • Амир Орозбеков (Бишкек) “Шаардагы майыптар”, 5 000 сом 
  • Эрмек Джениш  (Бишкек) “Ачык-айкын бюджет”, 5 000 сом 
  • Бакыт Мусаев (Каракол) “Адамдардын кызыкчылыктары”, 5 000 сом  

18 жашка чейинкилер тобунда мыкты иш:

  • Кендирбаева Раушан (Чолпон-Ата), 14 жашта, 5 000 сом
  • Байым уулу Нурсултан (Чолпон-Ата), 14 жашта, 5 000 сом

“Шаар демилгелеринен” атайын байге: Асель Ормокеева (Ош) “Дарыя” 
Кураторлордон атайын байге: Жалын Кыргызбаев  (Жалал-Абад), 15 жашта “Кордобо”
Өнүктүрүү саясат институтунан төмөнкү авторлорго 2500 сомдон жана сувенирлер берилет:

  • Тургунбай Ташкузиев (Ош) “Сууну үнөмдөгүлө”
  • Дуйшебек Искаков (Чолпон-Ата) “Эркектер добуш беришет, аялдар иштешет”
  • Павел Большаков (Бишкек) “Бир жашоочуга туура келген бак-дарактардын саны” (диптих)
  • Чолпонай Маматова (Кызыл-Суу айылы, Кара-Суу району, Ош) айыл өкмөтү тууралуу сүрөттөрдүн сериясы
  • Доктурбек уулу Чынгыз (Бишкек) “Балдар аянтчасы”
  • Инна Пискарёва (Бишкек) “Айсберг”
  • Эркин Базарбаев (Бишкек) “Герб”
  • Анна Протопопова (Беловодск айылы, Москва району, Чүй) “Эс-тутум. Айылдык мемориал”

Толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg