Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык аймагынын ЖӨБ органдары муниципалитеттин жашоочулары менен жергиликтүү жамааттын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планын (БАП) талкуулашат

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык аймагынын ЖӨБ органдары муниципалитеттин жашоочулары менен жергиликтүү жамааттын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планын (БАП) талкуулашат

Иш-чара 2017-жылдын 9-ноябрында саат 9:30дан 12:00гө чейин Ак-Муз айылдык аймагынын Ак-Муз айылындагы клубдун имаратында өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө ЖӨБ органдары жашоочулар менен жергиликтүү жамааттын аныкталган көйгөйлөрүн жана аларды чечүү боюнча биргелешкен аракеттер планын талкуулашат. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары көйгөйлөрдү чечүүдө жана пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө (демилгелүү топтордун (ДТ) курамы) жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (БМжБ) активдин катышуусун да талкууга алышат.

Жыйын маалында айыл өкмөтүнүн (АӨ) адистери ЖМБА-сессияларды (жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) жана бардык курактагы, жыныстагы топтордун катышуусу менен фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу аймактын жашоочуларына толук маалымат беришет. Бул иш-чаралар айылдык аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо максатында өткөрүлгөн. Иш-чарада муниципалитеттин аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү кеңири талкууга алынат. Ошондой эле ЖӨБ органы чогулуштун катышуучулары менен ААнын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча ДТ мүчөлөрүнүн жана БМжБТ мүчөлөрүнүн тизмесин макулдашат. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча БАПты иштеп чыгуунун жыйынтыгын талкуулоо чогулуштун негизги жана өзөктүк учуру болот. Мында ар бир аныкталган көйгөй боюнча аларды чечүү жолдору, анын ичинде мөөнөттөрү, жооптуулар жана пландалган каржылоонун көлөмү талкууга коюлат.

“Чогулушка кошуна аймактардагы ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү чакырылды. Алар да Ак-Муз өңдүү буга чейин ЖМБАны өткөрүү, БАПты иштеп чыгуу, чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча окууга катышкан. Алган билимин колдонууда кошуналардын тажрыйбасын үйрөнүү максатында Ак-Муздагы чогулушка Нарын облусунун эки максаттуу жана он максаттуу эмес муниципалитеттеринин өкүлдөрү келишет. Булар - Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) өнөктөштөрү болуп эсептелишет. Айылдык чогулушту өткөргөндөн кийин Ак-Муз ААнын ЖӨБ органынын өкүлдөрү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, анын ичинде маалымат өнөктүгүн өткөрүү аркылуу өз ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо боюнча ишинин жыйынтыктары тууралуу тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришет. Сапардын катышуучулары тажрыйбаны өздөштүргөндөн кийин Долбоордун консультанттары менен биргеликте коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашат. Иш-чарага катышууга ЖӨБЭММАнын жана ЖӨБ Союзунун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да чакырылган. Ушул өңдүү иш-чара Жумгал районунун Чаек айылдык аймагында да пландалган жана ушул жылдын 22-ноябрында өтөт”, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Ак-Муз ААнын ЖӨБ органынын жетекчилиги коомчулукту кеңири маалымдоо максатында ММК өкүлдөрүн да айылдын чогулушуна катышууга чакырат. Бул болсо калкка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын катышуусу боюнча жаңы механизм тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк тең салмактуу жана өз убагында маалымат алууга жардам берет.

Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: ( (0770) 771-711, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg