Беш облустун ЖӨБ органдары айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти менен таанышып чыгып, 2018-2022-жылдарга КРда ЖӨБдү өнүктүрүү Программасынын долбоорун талкуулашат

Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0770) 771-711, (0555) 313-385, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

2017-жылдын 20-ноябрынан 25-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) аткаруучу органдарынын башчылары үчүн үч күндүк окуу тренингдери өтөт. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ЖӨБ органдарына караштуу административдик комиссиялардын иш тартибин карап, таанышып чыгышат жана айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин жана аны айыл өкмөтүнүн ишинде колдонуу тартибин талкуулашат.

Окуу иш-чараларын КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу (ЖӨБ Союзу) менен өнөктөштүктө Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору уюштуруп жатат.

Ошондой эле тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун Өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулашат. Программанын долбоорун Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттик колдоосу алдында ЖӨБЭММА иштеп чыккан. Өз кезегинде ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышуучуларга өзүнүн күнүмдүк иши, ЖӨБ органдарынын ЖӨБ Союзунун мүчөлүгүнө өтүү тартиби, ошондой эле 2018-жылга жана андан кийинки жылдарга өзүнүн иш планы тууралуу маалымат беришет.

“Биздин Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарын дагы да ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга үйрөтүү максатын көздөйт. Бул максатка жергиликтүү жамааттар алдындагы отчеттуулукту жогорулатуу жана жеринде чечим кабыл алуу процессине жарандарды дагы да жигердүү тартуу аркылуу жетсе болот. Ушул өңдүү окуу тренингдери максатка жетүүгө жардам берип келет. Тренингдердин негизги максаты – укук бузууларды алдын алуу үчүн ЖӨБдүн аткаруучу органынын потенциалын жогорулатуу жана айыл өкмөтүнө караштуу административдик комиссиялардын ишин уюштуруу, регламенттештирүү жана пландоо аркылуу айыл өкмөт аппаратынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Беш облустун борборунда өтө турган тренингдерге айыл өкмөтүнүн 385 башчысы катышат: Нарын облусунан 63 АӨ башчысы, Ысык-Көлдөн 61 АӨ башчысы, Жалал-Абаддан 68 АӨ башчысы, Оштон 88 АӨ башчысы жана Чүй облусунан 105 АӨ башчысы келет”, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Ошондой эле бул тренингдер айыл өкмөтүнүн башчыларына Долбоордун эксперттери, ЖӨБЭММАнын жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү менен 2018-2022-жылдарга КРда ЖӨБдү Өнүктүрүү программасынын долбоорун ачык жана конструктивдүү талкуулап алуу; жеринде административдик комиссияларды уюштуруу жана айыл өкмөт аппаратынын ишин регламенттештирүү тартиби менен таанышуу; практикалык мисалдардын жана презентациялардын негизинде мыйзамдардагы айрым ченемдер боюнча түшүндүрмө алуу; ЖӨБ Союзунун ишмердүүлүгү, алар менен өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле өнөктөш өз ара мамилелерди орнотуу формалары тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.