Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Швейцария Өкмөтүнүн долбоорунун алкагында Чакан гранттар программасы тартууланат

Толук маалымат алуу үчүн: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

2017-жылдын 20-ноябрынан 2-декабрга чейин Ош жана Нарын облустарынын аймагында Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (Долбоор) алкагында Чакан гранттар программасынын (ЧГП) бет ачары болот.

Ош жана Нарын облустарынын ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн кошумча каражат алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билиши үчүн Долбоор Чакан гранттар программасынын бет ачарына облустардагы 12 райондун бардык айылдык аймактарынын башчыларын жана адистерин чакырды. Программа конкурстук негизде иштейт. Иш-чарада бардык катышуучуларга программанын максаты, ийгиликтүү катышуу үчүн милдеттүү шарттар, конкурстун жеңүүчүлөрүн тандап алуунун тартиби тууралуу маалымат берилет. Бардык катышуучулар зарыл материалдарды, анын ичинде CD дискке жазылган өтүнмөлөрдүн формаларын алышат.

“Ушул жылы Долбоордун Чакан гранттар программасынын линиясы боюнча 35 миллион сом каралган. Бул акчага Ош жана Нарын облустарынын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдары талапкер боло алышат. Алар бул программанын конкурсуна катышып, долбоору үчүн 1 млн. сом ута алышат. Ар бир АӨ конкурска эки өтүнмө менен катышып, 2 миллион сом көлөмүндө грант алууга талапкер боло алат. Гранттардын каражаттары ЖӨБ органдарынын эсебине которулат жана жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга багытталышы керек. Долбоордук идеялар жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына шайкеш келүүгө тийиш. Бул артыкчылыктарды ЖӨБ органдары калктын катышуусу менен (ЖМБА/PRA-сессиялар) аныктайт. Бул болсо Долбоордун негизги максаттарына шайкеш келет. Максаты – чечим кабыл алуу процессинде жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдары коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүү. Долбоордун Гранттык программасы өзүнчө бир машыктыргыч, анда ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттен инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган инвестицияларды жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу башкарганды үйрөнүшөт. Долбоор “жаңы велосипедди ойлоп табууну” сунуштабайт, бирок ЖӨБ органдарын гранттарды жана инвестицияларды башкаруу маселелерине натыйжалуу менеджменттин принциптери талап кылгандай мамиле жасоого үйрөтөт. Ал принциптер: артыкчылыктуу керектөөлөргө таянып, мыйзамдарга ылайык, мүмкүн болушунча ачык-айкын жана келечектеги натыйжа үчүн болгон жоопкерчилик менен кароо” - деди Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан Майрамбеков.