ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуусу

ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуусу

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган «Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» окуу материалдар топтомунун биринчи бөлүгү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген практикалык окуу китеби

«Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» окуу материалдарынын топтому 
Биринчи бөлүк
Добрецова Н., Балакунова А., Мусаева А., Градваль С.

ISBN 978-9967-11-502-6

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган «Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» окуу материалдар топтомунун биринчи бөлүгү болуп эсептелет. 2015-жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган: 1) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алуу; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо; 3) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары коомдук иш-чаралар (жыйындар жана коомдук угуулар); 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жергиликтүү жамааттын пландуу мониторинг жүргүзүп, үзгүлтүксүз баа берип туруусу; 5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал. 

Бул окуу китеби ЖӨБ органдарынын чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу принциптерин жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун камсыздоонун ажыратылгыс бөлүгү жана зарыл шарты катары караштырат. Окуу китеби кыргызстандык жана эл аралык тажрыйбанын базасында жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу маңызы тууралуу баяндап, мындан тышкары муниципалдык лидерлерге жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуунун натыйжасында пайда болчу артыкчылыктарды түшүндүрүп берет. Окуу китеби практикалык мүнөзгө ээ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз саясатында жарандардын пикирлерин үйрөнүп-билүү жана алардын муктаждыктарын эсепке алуу боюнча ишти өз алдынча уюштуруу мүмкүнчүлүгүн берет. Практикалык окуу китеби биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарына, жарандык коом уюмдарына, эл аралык донордук жардам көрсөтүү долбоорлоруна, изилдөөчүлөргө жана
окутуучуларга даректелет. Окуу китеби элеттик муниципалитеттердин тажрыйбасына таянганына карабастан ал Кыргыз Республикасынын чакан шаарларында да ийгиликтүү колдонулса болот.

Бул окуу китеби Өнүктүрүү саясат институтунун буюртмасы боюнча аткарылган гендердик экспертизадан өткөрүлдү жана аны гендердик эксперт Жаңыл АБДЫЛДАБЕК кызы жүргүздү. 

Окуу китебин кыргыз тилине которгон Зейнеп Алтымышова.

Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун финансылык колдоосу алдында чыкты. Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин көз карашын чагылдыра бербейт.

Ш 1203020200-15 УДК 351/354
ISBN 978-9967-11-502-6 ББК 67.99(2)1
© Добрецова Н., Балакунова А., Мусаева А., Градваль С.
© Өнүктүрүү саясат институту, 2015

Бардык укуктар корголгон. Бул окуу китебин, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: №Dobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg