Коомдук иш–чаралар (чогулуштар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары

Коомдук иш–чаралар (чогулуштар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун үчүнчү бөлүгү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген Практикалык окуу китеби

К 63 Коомдук иш–чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары / Практикалык окуу китеби / “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” окуу материалдарынын топтому. Үчүнчү бөлүк. / Добрецова Н., Балакунова А., Мусаева А., Градваль С. — Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2015. — 74 б.

ISBN 978–9967–11–509–5

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу” окуу материалдар топтомунун үчүнчү бөлүгү болуп эсептелет. 2015–жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган: 1) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алуу; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо; 3) коомдук иш–чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жергиликтүү жамааттын пландуу мониторинг жүргүзүп, үзгүлтүксүз баа берип туруусу; 5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. 
Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал.

Бул окуу китебинде жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун базалык формалары – жарандардын жыйындары жана коомдук угуулар каралат. Мындай иш–чаралардын жол–жоболору жана регламенттери мыйзамдарда сүрөттөлбөгөнүнөн улам ушул окуу китебин чыгаруу зарылчылыгы пайда болду. Ошол эле кезде чогулуштардын жана жыйындардын жыйынтыктарынын укуктуулугу, мыйзамдуулугу жана башкаруу органдары – мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан таанылуусу көп учурда жол–жоболор кантип аткарыларынан, жыйынтыктар кантип таризделеринен, жамааттын жыйындарга катышуусунун репрезентативдүүлүгү же деңгээли кандай болорунан көз каранды. Эптепсептеп даярдалган, начар өткөрүлгөн жана кайра байланышсыз калган коомдук иш–чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун беделин түшүрүп, ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы ишенимди бузуп, жарандар менен бийликтин кызматташтыгынын эффективдүүлүгүн азайтып жатат. Окуу китеби практикалык мүнөзгө ээ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жамааттары үчүн коомдук иш–чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Практикалык окуу китеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрүнө, жарандык коом уюмдарына, эл аралык донордук жардам көрсөтүү долбоорлоруна, изилдөөчүлөргө жана окутуучуларга даректелет. Окуу китеби элеттик муниципалитеттердин тажрыйбасына таянганына карабастан ал Кыргыз Республикасынын чакан шаарларында да ийгиликтүү колдонулса болот.
Бул окуу китеби Өнүктүрүү саясат институтунун буюртмасы боюнча аткарылган гендердик экспертизадан өткөрүлдү жана аны гендердик эксперт Жаңыл АБДЫЛДАБЕК кызы жүргүздү.

Окуу китебин кыргыз тилине которгон Зейнеп АЛТЫМЫШОВА.

Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында чыкты.
Басылмадагы ой–пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин көз карашын чагылдыра бербейт.

К 1203020200–15 УДК 351/354
ISBN 978–9967–11–509–5 ББК 67.99(2)1

© Добрецова Н., Балакунова А., Мусаева А., Градваль С.
© Өнүктүрүү саясат институту, 2015

Бардык укуктар корголгон. Бул окуу китебин, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg