Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жарандарды эмне менен шыктандыра алат?

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жарандарды эмне менен шыктандыра алат?

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишеним деңгээлин, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу шарттарына канааттануусун изилдөөнүн жыйынтыктары

УДК 351/354

ББК 67.99 (2) 1

К – 97    

Аналитикалык топтун жетекчиси жана негизги тексттин автору – Надежда ДОБРЕЦОВА.

Аналитикалык топ:

  • Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары,
  • Жамала УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын лидери,
  • Онолкан УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын аналитиги,
  • Медет СУЛТАМБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мониторинг жана баалоо боюнча адиси.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси – Бекболот БЕКИЕВ.

К – 97              Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишеним деңгээлин, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу шарттарына канааттануусун изилдөөнүн жыйынтыктары. – Бишкек: Өнүктүрүү саясат институту, 2020. – 76 б.

 

ISBN 978-9967-9276-1-2

Изилдөө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын деңгээлинде болуп жаткан процесстерге баа берип, социологиялык сурамжылоолордун жүрүшүндө алынган жарандардын пикирлерине таянат. Ошондой эле изилдөө Өнүктүрүү саясат институту 2007-жылдан тартып жергиликтүү жамааттар жана башкаруу органдары менен чогуу алып барган иштин жүрүшүндө топтогон башка маалыматтарга да таянат. Байкоонун узактыгы жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга (мындан ары – ЖӨБ) карата мамилесинде өзгөрүү динамикасын, алардын жергиликтүү өнүгүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жана даярдыгын; ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулук, отчеттуулук деңгээлин, ошондой эле жарандардын ишеним деңгээли менен жарандардын ЖӨБдөгү коррупциянын деңгээли тууралуу пикирин баалоого да жол ачат. Изилдөөнүн өзүнчө бөлүгү “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) тийгизген таасирди баалоого арналган. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

2020-жыл үчүн маалыматтар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы боюнча “Erfolg Consult” ЖЧКнын күчү менен өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоонун жүрүшүндө алынган. Сурамжылоонун негизинде алынган маалыматтарга анализ “Erfolg Consult” ЖЧКнын жана Өнүктүрүү саясат институтунун (мындан ары – ӨСИ) биргелешкен күч-аракети менен жасалды. Анализдин жүрүшүндө буга чейин түрдүү долбоорлордун алкагында өткөрүлгөн сурамжылоолор маалында алынган маалыматтар колдонулду.

Бул басылма жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде чечим кабыл алган адамдарга, изилдөөчүлөргө, коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, өнүгүү боюнча өнөктөштөргө жана медиа каражаттарына даректелет.

Изилдөөнүн орус тилиндеги толук электрондук версиясы, ошондой эле кыргыз жана англис тилдериндеги кыска версиялары www.vap.kg жана www.dpi.kg сайттарында жарыяланган.

Изилдөөнүн тексти орус тилинде даярдалгандыктан кыргыз жана англис тилдериндеги тексттер менен орус тилиндеги текстте айырмачылыктар болсо, орус тилиндеги текст туура деп эсептелинет.

Басылма “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында даярдалды. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

Бул изилдөөнү, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: Office@dpi.kg

                                                                                                                                УДК 351/354

ISBN 978-9967-9276-1-2                                                                                   ББК 67.99 (2) 1

© Өнүктүрүү саясат институту, 2020