Аксыда жаңы насостук станция ишке кирди

Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагы эки чон дарыянын кошулушунда жайгашканы менен суулуу жерге жетпей келе жаткан айыл.

Абдымомун Калбаев, "Аймак" гезити

Элибизде «Жаз камын кышта көр » деген нускалуу сөз бар. Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Тор-Камыш айылынын эли бул нускалуу сөздү иш жүзүндө далилдешти деп айтууга негиз бар. Анткени кыш чилдесинде дың жаткан 70 гектар үлүштүк кайракы жерге суу чыгарышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз баяндайт.

Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагы эки чон дарыянын кошулушунда жайгашканы менен суулуу жерге жетпей келе жаткан айыл. Өзгөчө бул айыл аймагына караштуу Тор-Камыш айылындагы элге тийген 70 гектар үлүштүк жер кайракыга айланып калган эле. Өткөн жылдын башында элдик жыйын болуп, айыл эли ичүүчү таза сууга деп акча каражатын чогултушуп, долбоор жазышкан эле, аталган долбоорду Швейцария өкүмөтүнүн республикабыздагы элчилигинин эл аралык өнүктүрүү боюнча Экономикалык саясат долбоорунун чакан гранттар программасы колдоого алып каражат бөлгөндөн кийин айыл аксакалдары ичүүчү сууну кое туруп, сугат сууну чечип алалы, деген демилге көтөрүп жиберишип, райондун акими Медет Айдаралиевге арыз менен келишет. Акимдин жардамы менен элчилик менен сүйлөшүү жүрүп бул демилге колдоого алынгандыгын жана бул ишке 1 миллион сом каражат бөлүндү деп билдирди Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы Баатыралы Шабданов.

Албетте эл карап турган жок, айыл эли 100 мин сом каражатын кошту. Кышы менен насостук станциянынын имаратын куруп бүтүшүп, суу топтолуучу, суу сактоочу кампасын да жасап,ал ишке эл иштеди. Куруучуларга айылдын кадырман карылары, депутаттар жардам көрсөтүшүп тамак ашын чечип беришти.Андан сырткары дептаттар сессияда карап жергиликтүү бюджеттен 123 мин сом каражат карап беришти. Носостун да сапаттуусу алып келинип орнотулду. Натыйжада 1 миллион 273 мин 626 сомго толук станция даяр болуп, секундасына 160 метр куб сууну 410 метр аралык жерге чыгарып,эгин аянтына жеткирип бере турган насостук станциясынын ачылуу аземин өткөрүп олтурабыз,-дейт долбоордун координатору Эмилбек Каратаев.

Эми жазга карата даярдыкты көрө башташты, суу келүүчү арыктарды чаап тазалоо иштерин башташты.Быйылкы жылы Тор-Камыштыктар 50 гектар аянтка жүгөрү, жана көп жылдык чөп өстүрүүнү максат кылып жатышат. Эми эчкини азайтып, бак чарбачылгынын, эгин эгип дыйканчылык кылууга чакырды Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Медет Айдаралиев насостук станцияны курууда мыкты иштегендерге администрациясынын Ардак Грамоталарын тапшырып жаты пак тилектерин билдирди. Ошондой эле жыйында Аксы райондук жергиликтүү депутаттардын кошмо жыйынын төрагасы.Абдыразак Назарбеков да кошмо жыйындын Ардак грамота сменен сыйлады жана Тор-Камштыктарга жаңы жылда жакшы ийгиликтерди каалагандыгын билдирди. Ошондой эле Швейцариянын республикабыздагы элчилигинин колдоого алып келе жаткан Экономикалык саясат фондусу областтык координатору Султан Майрамбеков, долбоордун аткаруучу координатору Эмилбек Каратаев жана башкалар чыгып сүйлөшп Торкамыштыктарды бул жаңы насостун пайдаланууга берилиши менен куттуктады. Ал эми айыл аксакалы Шайлообай Ташибеков карыя бул курулушту ишке ашыргандарга ак баталыран берди.