«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун иш аракеттери (VAP) (www.vap.kg) жалпы максатка жетүүгө багытталган: “жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана ЖӨБ органдарынын мамлекеттик кызматтар менен камсыздоодо тийиштүү деңгээлде каражаттарды колдонуу аркылуу өз милдеттерин аткаруусун кепилдөө”.
Долбоор Кыргыз Республикасындагы Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда ишке ашууда. Швейцария Өкмөтү Кыргызстандын өнүгүүсүнө көмөктөшөт жана саламаттык сактоо, мамлекеттик сектордун реформалары жана инфраструктура, жеке менчик сектордун өнүгүүсү сыяктуу чөйрөлөрдө ишке ашырылуучу долбоорлорду координациялайт.
Долбоор Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылат. ӨСИ – бул мыйзам иштеп чыгуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун өнүгүүсү, стратегиялык пландоо, экономикалык өнүгүү жана маалымат алмашуу чөйрөлөрүндө көп жылдкы иш тажрыйбасына ээ болгон эксперттерден түзүлгөн кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм. ӨСИнин миссиясы — жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүү.
Долбоордун мөөнөтү жана географиясы:
- Киришүү фазасы: ноябрь 2011 – март 2012: Ивановка АА (Чүй), Төрт-Күл АА (Ысык-Көл) жана Ленин (Жалал-Абад); каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө;
- I фаза: апрель 2012 – март 2015: Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 26 айылдык аймагы; каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө;
- II фаза: апрель 2015 – март 2017: Чүй облусунун 11 айылдык жана 1 шаар муниципалитети; каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү (SCO); апрель 2017 – март 2020: Нарын облусунун 5 жана Ош облусунун 10 айылдык аймактары; каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү.
- III (жыйынтыктоочу) фаза: сентябрь 2020 – июнь 2022, Кыргыз Республикасы; каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү.
III фаза
Жыйынтыктоочу фазанын максаты – жетишилген жыйынтыктарды бириктирүү жана алынган тажрыйбаны бардык КРнын ЖӨБ органдары арасында жайылтуу.
– Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.
II фаза
Максаты:
– ЖӨБ органдары жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкара башташат.
Кошумча маалымат
- Долбоор тууралуу маалымат барагы кыргыз тилинде 2015
- Долбоор тууралуу маалымат барагы орус тилинде 2015
- Долбоор тууралуу маалымат барагы англи тилинде 2015
I фаза
Максаты:
– Жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу багыттоосун камсыздоо.
Толук маалымат
- Долбоор тууралуу кыргыз тилиндеги маалымат
- Долбоор тууралуу орус тилиндеги маалымат
- Долбоор тууралуу англис тилиндеги маалымат