Тогуз-Торо айылдык аймагы – Кыргыз Республикасындагы оңой менен жете албаган элеттик муниципалитеттердин бири.
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
Тогуз-Торо айылдык аймагы – Кыргыз Республикасындагы оңой менен жете албаган элеттик муниципалитеттердин бири. Бул жерде кыш октябрда эле башталат жана жети айга чейин созулушу тмүмкүн. Сары-Кыр ашуусу аркылуу Бишкекке чейинки аралык салыштырмалуу узак деле эмес жана 560 км түзөт. Бирок жолу өтө начар. Буга байланыштуу борборго баруу үчүн унаа жолу аркылуу жылына 4 ай гана өтүүгө мүмкүн. Калган учурда Сары-Кыр ашуусунун жабылышы менен атүгүл облус борборуна чейин эле 1200 км аралыкты басып өтүү керек. Буга байланыштуу эл аралык донордук долбоорлор жана инвесторлор бул айылдык аймак менен гана эмес, жалпысынан Тогуз-Торо району менен да кызматташууга көп деле кызыкдар эмес. Жамааттын географиялык жактан обочодо калышы, борбор менен байланыштын начардыгы тыш дүйнөдөн бөлүнүп калгандай сезимди жаратып,калкта маалымат таңсыктыгын пайда кылат. Жарандардын маалыматка жетүүсүнүн татаалдыгы жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан натыйжалуу байланышты орнотуу боюнча чоң аракеттерди талап кылат. Ушул жол менен ганасоциалдык туруктуулукту сактап, адамдарда үмүт пайда кылып, аларды жаратууга түртсө болот.Анткен менен маалымат алмашууну күчөтүү үчүн тийиштүү материалдык жана техникалык шарттар керек, алар болсо айылда көп жылдан бери жок. Атүгүл айыл өкмөтүнө таандык имарат да жок, ал эми коомдук иш-чараларды, чогулуштарды өткөрүү үчүн орто мектептеги класстарды ыңгайсыз маалда колдонууга мажбур болушат. Бул ЖӨБ органдары үчүн да, мектеп үчүн да, жарандардын өздөрү үчүн да өтө ыңгайсыз болчу. Чындыгында эле кыш мезгилинде мектепте сабактар аяктагандан кийин караңгыда жана суукта чогулушка баруу жагымсыз эле. Ушундан улам калк менен баарлашуу үчүн шарт түзүү көйгөйүн жамаат артыкчылыктуу катары тандап алганы таң калычтуу деле эмес.
Эмнелер жасалды?
Бул маселени чечүү үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин жана жарандардын колдоосу менен долбоор иштеп чыкты. ӨСИнин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык сынагына катышуунун натыйжасында ошол долбоор 1 млн. сом өлчөмүндө каржылык колдоого ээ болду. Бул колдоо Жарандык коомду колдоо боюнча Долбоордун атынан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан берилди. Жергиликтүү бюджет кошумча 100 миң сом өлчөмүндө өз каражатын бөлдү.Каражат жыйындар залын жана электрондук китепкана түзүүгө багытталды. Натыйжада айылдык кеңештин имараты ремонттолуп, техникалык тейлөө станциясынын ордуна жыйындар жана электрондук жаңы зал ачылды. Ремонтко кеткен чыгым 700 миң сомду түздү. Ошондой эле 300 миң сомго эмерек жана жабдуу сатып алынды: 7 стол, 70 отургуч, китеп текчелери, 2 компьютер, принтер, проектор, YAMAHA музыкалык аппараты ж.б. Жыйындар залында жергиликтүү бюджеттин иши тууралуу маалымат такталары орнотулду. Китепканада расмий маалымат фонду түзүлдү. Окурмандарга электрондук китептер жана мыйзамдардын жыйнагы сунушталды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун сынагында жеңип чыгуу менен аймак 100 миң сом өлчөмүндө байге утуп алды. Бул акчага сыналгы, DVD, компьютер,принтер, көп функционалдуу принтер, түстүү принтер, видеокамера, ноутбук сатып алынды.
Натыйжасы
Акыры 2014-жылдын 21-майында электрондук китепкананын ачылышы болду. Бул болсо Тогуз-Торо айылдык аймагы үчүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй бир район үчүн да маанилүү окуя болуп калды. Иш-чарага 100дөн ашык киши катышты айыл тургундары жана кошуна айылдык аймактардын жашоочулары, коноктор болду.
Төл сөз Окуянын маанисин расмий адамдар мындайча баалашты Тилек ИДИРИСОВ, Тогуз-Торо районунун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы: “Жыйындар залынын жана электрондук китепкананын ачылышы улуу муундун өкүлдөрүнө да, балдарга да чоң өлчөмдөгү маалыматка жетүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берет. Кошуна муниципалитеттердин жетекчилери залдын жана китепкананын ачылышына күбө болуу менен, ушул идеяга берилип,өздөрүндө да ушул өңдүү иш-аракеттерди жасаганы өтө маанилүү”.
Бурганбүбү ИСАМАМБЕТОВА, Тогуз-Торо маданият үйүнүн жетекчиси: “Электрондук ки-тепкананын ачылышы менен жергиликтүү калк мыйзамдар тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп,жаңылыктарды угуп, маалымдуулуктун жана билимдин деңгээли жогорулайт. Бул иш жогору жактын көрсөтмөсү мененэмес, жергиликтүү жашоочулардын каалоосу жана катышуусу менен ишке ашканы абдан кубандырат. Жергиликтүүмаанидеги маселелерди чечүүдө ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сунуштаган демилгелүү топтордун форматы жана жарандардын катышуу модели өзүнүн натыйжалуулугун жана иштеп кете алаарын далилдеди!”.