- Биринчи бет -
 - Жаңылыктар -
 - КР Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруучу...
 
КР Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруучу Координациялык кеңештин курамын бекитти
Администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы 26 адамдан түзүлдү.
2012-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу максатында Координациялык кеңештин курамын бекитүү тууралуу буйрук чыгарды. Аталган буйрук 2012-жылдын 23-мартынын N198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Концепцияны ишке ашыруу максатында чыгарылды.
Буйрукка ылайык, Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын аткаруучу Иш планын иштеп чыгып бекитүү шарты коюлган.
Координациялык кеңештин курамында Өнүктүрүү саясат институту учурда ишке ашырып жаткан Стоит «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев да бар. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланат.
- 
                    
“Муниципалитет” журналы, № 5 (127), май 2022-ж.
Журналдагы материалдарды толугу менен www.municipalitet.kg сайтынан окуй аласыздар. 
Мыйзам чыгаруучулук
- Стратегиялык жана программалык документтер
 - Конституция, кодекстер
 - Мыйзамдар
 - Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктары
 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору
 - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору
 - Жергиликтүү жамааттын Уставы, айылдык Кеңештин типтүү Регламенти
 
