Бул максатта өлкөнүн жети облусунда жалпысынан 15 жолугушуу өткөрүлөт.
            Иш-чаралар 2020-жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейинки аралыкта өткөрүлөт.
Бул жолугушуулардын максаттары төмөнкүдөй:
	- ЖӨБ органдарына ЖӨБ мыкты тажрыйбалар электрондук ресурсунун Порталын тартуулоо
 
	- “Санарип аймакты” жайылтуу
 
	- Жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыгына тиешеси бар ЧУА долбоорлорун макулдашуу процессин тартуулоо
 
	- ЖӨБ органдарына бюджет боюнча сунуштарды тартуулоо (бюджеттер аралык мамилелер) 
 
Иш-чаранын уюштуруучулары:
	- Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу, 
 
	- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги (ЖӨБЭММА),
 
	- Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” жана "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорлору
 
	- Өнүктүрүү саясат институту
 
Иш-чарага каржылык колдоо көрсөткөн тараптар:
	- Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан аткарылган «Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору
 
	- Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана Хельветас Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору
 
	- Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору
 
Жер-жерлерде өткөрүлүүчү жолугушуулар тууралуу толук маалыматка шилтеме: http://myktyaimak.gov.kg/events