Иш-чара 2021-жылдын 10-февралында ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында өттү - www.myktyaimak.gov.kg
2021-жылдын 10-февралында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучулары үчүн онлайн-консультация өткөрүлдү. Иш-чарага 2021-жылдын 25-29-январь күндөрү Ысык-Көлдө аталган Мектептин алкагында өткөрүлгөн беш күндүк практикалык интенсивдин катышуучулары катышты.
Мектеп Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар боюнча маалымат берилди: :
Маалымат тартууланган соң, катышуучулардын ортосунда жалпы маалымат алмашуу жана Мектептин алкагында пландалган андан аркы кадамдар талкууланды.