Сынактын уюштуруучусу – Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору.
            2021-жылдын 15-октябрында “2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагынын жыйынтыктарын Сынак комиссиясы чыгарды[1].
Сынак жөнүндө Жобого ылайык, ага Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын июнь-август айларында жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн жана 2021-жылдын 15-августунан 17-сентябрына чейинки аралыкта толтурулган табыштамаларды тапшырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катыша алган. Сынакка республиканын бардык аймактарынан келип түшкөн табыштамалар коддолуп, Конкурстук комиссия тарабынан баалоого берилген[2].
Төмөнкү тараптардан турган Сынак комиссиясы:
	- Мамбетова А. М., Өнүктүрүү саясат институту;
 
	- Ачикеева Ч. Ч., Аймактык өнүгүү мамлекеттик Агенттиги;
 
	- Нурумбетов С. Б., КР Экономика жана финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер Башкармалыгы;
 
	- Айтбаев Д. С., КР ЖӨБ Союзу;
 
	- Мамытов А. Т., "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору;
 
сынакка ЖӨБ органдарынан келип түшкөн 51 (элүү бир) табыштаманы индивидуалдык түрдө карап жана баалап чыгып, төмөнкү чечим чыгарды:
	- “2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагынын жеңүүчүлөрү деп төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары табылсын:
	
		- 1-орун жана 300 миң сомго чейинки байге – Чүй облусунун Москва районунун Садовский айыл өкмөтү;
 
		- 2-орун жана 250 миң сомго чейинки байге – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү;
 
		- 3-орун жана 200 миң сомго чейинки байге – Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
 
		- Гендердик сезимталдуулукка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн атайын байге – 270 миң сомго чейин – Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтү.
 
	
	 
	- Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 55 000 сом өлчөмүнө чейин шыктандыруучу байгелер ыйгарылсын:
	
		- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына;
 
		- Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө;
 
		- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэриясына;
 
		- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченка айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун айыл өкмөтү Абды Сүйөркулов атындагы айыл өкмөтүнө;
 
		- Каракол шаарынын мэриясына;
 
		- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнө;
 
		- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө;
 
		- Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэриясына;
 
		- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнө;
 
		- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сейдикум айыл өкмөтүнө;
 
		- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнө;
 
		- Чүй облусунун Кемин шаарынын мэриясына;
 
		- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнө.
 
	
	 
Сынак жөнүндө Жобого ылайык[3], байге фонддору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыз кылууга колдоно турган товарларды жана жабдууларды сатып алуу үчүн жумшалат.
ЖМК үчүн толук маалымат: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg
_____________
[1] Сынак 2021-жылдын апрель айында Кыргызстандын аймагындагы бардык ЖӨБ органдары үчүн жарыяланган. Сынактын уюштуруучусу – Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору  КР Экономика жана финансы министрлигинин жана КР ЖӨБ Союзунун катышуусунда. Толугураак маалымат: https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=kg&id=3 
[2] https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=203 
[3] https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=kg&id=3