Швейцария Өкмөтү каржылаган Долбоор менен бир жыл бою тыгыз кызматташкан Кыргызстандагы үч элеттик муниципалитет боюнча бир аз статистиканы келтиребиз.
Туура бир жыл мурда “Муниципалитет” журналы өз окурмандарын Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА) методикасы менен тааныштырып, Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун алгачкы пилоттук аймактарында аны колдонуунун мисалдары келтирилген. Ивановка АА (Чүй облусу), Ленин АА (Жалал-Абад облусу) жана Төрт-Күл АА (Ысык-Көл облусу) өткөрүлгөн көптөгөн иш-чаралардын деталдуу баяндамасы ушул аймактарда элеттин муктаждыктарын үйрөнүүнүн натыйжаларын чыгарды. Журналдын 2012-жылдын январь айындагы чыгарылышында тиешелүү таблица келтирилген.
2012-жылдын ичи бою муниципалитеттер аныкталган маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштешти. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү калк менен биргеликте жылдардан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүү планын иштеп чыгышты. Пландар чогулуштарда талкууланып, аларды аткарууга каражат жергиликтүү бюджеттерге киргизилип, башка булактардан да изделип жатты. Тургундардын өтүнүчү менен бир канча иш-чаралар өткөрүлүп, анда АӨ кызматкерлери жана расмий жактары жасалган жумуштар тууралуу маалымат берип, муниципалдык каржыны башкаруунун деталдарын ачыктап, жергиликтүү бюджеттерден белгилүү бир каражаттар сарпталган конкреттүү объекттерди көрсөтүп жатышты.
Бүгүн биз окурмандарга Швейцария Өкмөтү каржылаган Долбоор менен бир жыл бою тыгыз кызматташкан Кыргызстандагы үч элеттик муниципалитет боюнча бир аз статистиканы келтиребиз.
Кургак сандар мындай – 7 миңге жакын адам (анын 32% аялдар) үч аймакта өткөрүлгөн түрдүү иш-чараларга, анын ичинде ЭКБА-сессияларына, биргелешкен аракеттердин Планын түзүү боюнча жумушчу жолугушууларга, коомдук угууларга (бюджеттин аткарылышы, мектептин бюджети, ТКЧ бюджети ж.б.), окутууга, тажрыйба алмашууга активдүү катышты. Бирок муну натыйжа деп эсептөөгө болобу? Иш-чараларга катышкан адамдардын саны өзүнөн өзү натыйжа деп эсептелбейт. Натыйжа деп иштин жыйынтыгында орун алган өзгөрүүлөрдү эсептесе болот.
Мисалы, өзүнүн ЖӨБ органдарына карата тургундардын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөр мындайча: Ленин АА тургундарынын 80%, Төрт-Күл АА тургундарынын 68% жана Ивановка АА тургундарынын 72% ЖӨБ органдары дагы да ачык болуп калды деп эсептешет.
Бирок андан кем калышпаган маанилүү өзгөрүүлөр жашоо шартында камтылган: айылдарда бир жыл мурда тургундар ЭКБА учурунда, чогулуштарда айтып жаткан көйгөйлөр чечиле баштады. Бул көйгөйлөр Биргелешкен аракеттер Планынын өзөгүн түздү:
Ленин АА: аракет планы артыкчылыктуу 10 көйгөйдү чечүү боюнча 47 иш-чараны камтыган. 47 иш-чаранын арасынан 24ү аткарылган, бул болсо 51,06% түзөт.
Төрт-Күл АА: аракет планы 85 иш-чараны камтыган, 27 иш-чара аткарылган жана 6 иш-чара башталды, аларды 2013-жылы бүтүрүү пландалууда. Аткарылышы болжол менен 39% түзөт.
Ивановка АА: артыкчылыктуу 10 көйгөйдү чечүү боюнча баары болуп 45 иш-чара пландалган. 31 иш-чара, же 68% аткарылды.
Азыр, ЖӨБО менен жергиликтүү жамаат ортосундагы пландарды аткарууну талкуулоо уланып жаткан чакта, аймактын тургундарын андан ары кеңири маалымдоо жана биргелешип натыйжалуу иш алып баруу үчүн аракеттерди кабыл алуу маанилүү. Башчылар жергиликтүү кеңештердин жаңы депутаттарына пландарга негизделип аткарылган иштер тууралуу айтып беришет. Анткени муниципалитеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүүдө дал ушул депутаттар чечим кабыл алышат. Ошондуктан алар чыныгы муктаждыктар, аларга чейин иштегендер шайлоочулар, айыл өкмөтү менен биргеликте тизип чыккан пландар тууралуу билиш керек.
Бирок эң негизги жыйынтык – бул кандайдыр бир “жогору жактан түшүрүлгөн” пландарды аткаруунун пайызы эмес, чечилген маселелердин саны: светофор орнотулуп, мектепке жүгүрүп бараткан балдары үчүн ата-энелер көп тынчсызданбай калды; бала бакчаларда жаңы орундар пайда болуп, эми ишке чыга ала турган ыраазы энелер, көчөгө жарык берилгендиктен көчөлөр коопсуз болуп калды. Андан тышкары жөнөкөй тургундардын жашоосу ыңгайлуу болуп баратканын жана адамдар ошого татыктуу болгон деңгээлге жакындап келатканын тастыктаган башка дагы көптөгөн факттар жана окуялар бар.
Пилоттук ЖӨБда долбоордун иш практикасы көрсөткөндөй, жашоо шартты ресурстар чектелүү болсо да өзгөртүүгө мүмкүн. Ушунчалык ар башка, көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү болгон үч муниципалитет мунун далили болуп, үлгү болуп бере алат.
Ушул эле модель боюнча Кыргызстанда башка да муниципалитеттер – Швейцария Өкмөтүнүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун жаңы пилоттору да иштейт. Сынактын негизинде Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 13 райондун ар биринен 13 айылдык аймак тандалып алынды. 2012-жылдын июль айынан тарта бул аймактарда төмөнкүдөй иш-чаралар өттү:
Элеттин керектөөлөрүн биргеликте аныктоо:
• ЖӨБ органдарын жана жамааттын лидерлерин окутуу
• АӨ күчү менен аймактарда ЭКБА өткөрүү
• ЭКБА-сессиялары – артыкчылыктарды аныктоо
• Себеп-натыйжа байланышын аныктоо боюнча жумушчу жолугушуулар
• Демилгелүү топторду түзүү
• Аракеттер планын даярдоо
• Биргелешкен аракеттер Планын бекитүү боюнча чогулуштарды өткөрүү
• Бардык баскычтарга, коомдук иш-чараларга маалыматтык колдоо
ЭКБА-иш-чарасы өнөктүгү 4369 адамды (13 аймактагы 57 айылда 238 иш-чаранын катышуучулары) камтыды жана ушул элеттик муниципалитеттердин тургундарынын эң артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктады.
Өнүктүрүү саясат институту Долбоордун алкагында Ивановка, Ленин жана Төрт-Күл АА натыйжаларына окшош жыйынтыктарга жетүү үчүн ушул аймактардын, андан тышкары эки облустун калган бардык аймактарынын ЖӨБ органдары жана тургундары менен кызматташтыкка даяр. Анткени эгерде көйгөйлөр гана эмес, аны чечүү жолдору да окшош болсо, ийгиликтин алгоритми сөзсүз иштеп кетиши керек.