Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин учурдагы финансы жылына республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ченемдик укуктук актыларга ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев