15-16-май күндөрү Ош шаарында “Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу моделин жайылтуу” деген темада иш-чара өтөт.
            Бул иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржылап, Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасында 2012-жылдан тарта аткарып келе жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулган.
Эки күн аралыгында өтүүчү бул иш-чарага Долбоор март айынан тарта иш баштаган облустун максаттуу 10 айыл аймактарынын өкүлдөрү (айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана Долбоордун координаторлору) катышат: 
	- Өзгөн району: Ак-Жар жана Жазы айылдык аймактары
 
	- Кара-Суу району: Шарк жана Кызыл-Суу айылдык аймактары
 
	- Ноокат району: Кок-Жар жана Гулистан айылдык аймактары
 
	- Араван району: Маңгыт айылдык аймагы
 
	- Алай району: Бүлөлү айылдык аймагы
 
	- Чоң-Алай району: Чоң-Алай айылдык аймагы 
 
	- Кара-Кулжа району: Ылай-Тала айылдык аймагы
 
Катышуучуларга:
	- ЖӨБ органдарынын чечимдерди кабыл алуу процессинде жарандардын катышуусун камсыздоо чөйрөсүндө КР мыйзамдарынын талаптары.
 
	- ЖӨБО чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусунун модели: ЖМБА, Демилгелүү топтор, БМжБ тобу.
 
	- ЖӨБ органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу.
 
	- Долбоордун алкагында өткөрүлө турган конкурстар тууралуу.
 
	- Финансыны башкаруу: ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы отчеттуулугу.
 
	- Максаттуу муниципалитеттерде иш-чараларды пландоо жана уюштуруу.
 
	- Маалымат алмашуу чөйрөсүнүн өнүгүү келечеги: муниципалдык сайт, маалыматтык бюллетень, жамааттык мультимедиа борборло (ЖМБ).
 
	- Инвестицияларды калктын артыкчылыктарына ылайык пландоо. Чакан гранттар программасы
 
ж.б. темалар Долбоордун адистери тарабынан тартууланат.