2018-жылдын 23-январында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү тургундарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйындын негизги максаты – айылдык аймак үчүн эң маанилүү болгон көйгөйдү тандап алып, Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу болгон.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын назарына жергиликтүү Демилгечи топтордун мүчөлөрү тарабынан даярдалган долбоорлор тартууланды. Аталган долбоорлорго камтылган көйгөйлөр, айылдык аймактын ЖӨБ органдары тарабынан “Элдин үнү...” Долбоорунун алкагында 2017-жылдын жай айларында өткөрүлгөн, жамааттын муктаждыгын биргелешип аныктоо иш-чараларынын натыйжасында аныкталган.
Жыйынга жалпысынан 345 адам катышып, алардын 177 айымдар болду. Катышуучулардын талкуусуна 5 долбоор сунушталып, алардын ар бири төмөнкү сандагы добуштарга ээ болду:
Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун техникалык колдоосунда өткөрүлдү.