Сынактын жалпы байге фонду 700 000 сомдун тегерегинде болуп, ал каражаттар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору тарабынан берилген.
Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын
ЧЕЧИМИ
15-октябрь, 2018-жыл
Конкурстук комиссиянын курамы:
- Исалиева В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси;
- Гайбулина Р.М., “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору;
- Мусаева А.М., Долбоордун өкүлү;
- Исмаилов А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
Конкурстук комиссия пилоттук региондордун укугу бар катышуучуларынан түшкөн 75 өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй
ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:
- Төмөнкү өтүнмөлөр “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
- 1-орун – “Башаламан ыргытылган таштанды жеринде эс алуу үчүн сейил бак”, өтүнмөнүн ээси Жунусова Кымбат – Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак ААнын жергиликтүү жамаатынын лидери – 150 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
- 2-орун – “Жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу”, өтүнмөнүн ээси Токтосунова Акбермет – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү АА – 100 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
- 3-орун – “Балдар үчүн парк”, өтүнмөнүн ээси Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
- 3-орун – “Үй-бүлө, мектеп жана коом”, өтүнмөнүн ээси Юлдашева Р.Н. – орто мектептин мугалими, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
- Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 13 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер берилсин:
- “Таза суу – жашоо булагы” (өтүнмөнүн ээси – Насыбалы уулу Каныбек, АӨ башчысы), Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району;
- “Балдар үчүн аянтча” (өтүнмөнүн ээси – Исаева Г., жергиликтүү жамааттын лидери), Казан-Куйган АА, Нарын облусунун Нарын району;
- “Мыкты көчө” (өтүнмөнүн ээси – Конурбаев Б., АӨ адиси), Ылай-Тал АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району;
- “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээлери – Жусупова Ч., бала бакчанын директору; Исаков О., айылдык кеңештин депутаты), Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району;
- “Айылдын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу” (өтүнмөнүн ээси – Өмүркулов Б., жергиликтүү жамааттын лидери), Ат-Башы АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
- “Жаштардын лидердик сапаттары” (өтүнмөнүн ээлери – Акжолова М., Маликов Т., АӨ адистери), Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
- “Сейил багын жаштар үчүн эс алуу жайына айландыралы” (өтүнмөнүн ээси – Абдраимов Ж., жергиликтүү жамааттын лидери), Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
- “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээси – Кабылбек уулу Марлис, жаштардын лидери), Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
- “Жаштар радикализмге жана экстремизмге каршы” (өтүнмөнүн ээси – Атаханов Ш., окутуучу), Нариман АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
- “Тарыхты окуп, өткөн чакты биле жүрөлү” (өтүнмөнүн ээси – Бостонбаева Т., бала бакчанын директору), Кызыл-Суу АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
- “Айылды өнүктүрүү фонду калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүүдө” (өтүнмөнүн ээси – Акматалиев Н., фонддун жетекчиси) Куршаб АА, Ош облусунун Өзгөн району;
- “Балдар, ата-энелер жана жамаат – келечекти бирге курабыз” (өтүнмөнүн ээси – Исакова У., бала бакчанын директору), Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
- “Жолдордун ремонту” (өтүнмөнүн ээси – Байматова Э., мугалим), Баш-Кайыңды АА, Нарын облусунун Ат-Башы району.
- Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 6 өтүнмөгө 12 500 сом көлөмүндө шыктандыруучу-сооротуучу байгелер берилсин:
- “Жайлоодогу бала бакча” (өтүнмөнүн ээси – Абдукаримова А., бала бакчанын директору), Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;
- “Элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү” (өтүнмөнүн ээси – Тилекматова А., клубдун башчысы), Учкун АА, Нарын облусунун Нарын району;
- “Тазалык – маданияттуу коомдун белгиси” (өтүнмөнүн ээси – Ильгелдиева М., мугалим), Мангыт АА, Ош облусунун Араван району;
- “Айылдын өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” (өтүнмөнүн ээлери – Арпачиева С., Касымбекова Э., АӨ адистери), Он-Арча АА, Нарын облусунун Нарын району;
- “Айылды өнүктүрүү” конкурсу (өтүнмөнүн ээси – Омуров А., АӨнүн жооптуу катчысы), Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
- “Аялдарды бизнес жасоого тартуу” (өтүнмөнүн ээси – Гоипов У., жергиликтүү жамааттын лидери), Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району.