Чүй облусунун ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттарды жарандардын жыйынына катышууга чакырат

Чүй облусунун ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттарды жарандардын жыйынына катышууга чакырат

Жыйындардын жүрүшүндө катышуучулардын назарына 3 артыкчылыктуу маселе коюлуп, алардын ичинен эң маанилүүсүн тандоо сунушталат.

2016-жылдын январында 11 элеттик жана 1 шаардык муниципалитетте 5 миңге жакын киши катышкан коомдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 1-февралдан 18-февралга чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун ошол эле айылдык аймактарында жана Кемин шаарында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жарандардын жыйындары1 өтөт. Тандалып алынган долбоорлордун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) 1 млн. сомдон ашпаган көлөмдө гранттык жардам алууга конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү даярдашат.

 Алдыда өтө турган жыйындардын жүрүшүндө, катышуучулардын көңүлүнө 12 муниципалитеттин тургундарынын арасындагы сурамжылоолордун натыйжасында көпчүлүк добушуна ээ болгон 3 долбоор сунушталат. Долбоорлорду кызыкдар жарандардан турган Демилгелүү топтун мүчөлөрү иштеп чыккан. Алар өз долбоорлорун оңой эмес кармашта коргоп калууга аракеттенишет. Демилгелүү топтун мүчөлөрү дал ошолордун долбоорлору өтө маанилүү болгонун, 1 млн. сом көлөмүндө алына турган гранттын жыйынтыгында жамааттагы көйгөйлүү маселелердин бири чечиле турганын далилдеп бериш керек.

Мүмкүн болушунча көп сандагы катышуучуларды тартуу жана алдыда боло турган жыйын тууралуу маалыматты жеткирүү максатында, бардык муниципалитеттерде маалымат өнөктүктөрү өткөрүлдү. Атайын түзүлгөн Жумушчу топтордун мүчөлөрү баннерлерди, чакыруу барактарын, маалымат баракчаларын даярдап, андан кийин алар эл көп жерге илинип, калк арасында таратылып берилди.

Жыйындар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) техникалык колдоосу менен уюштурулат. 

Толук маалымат

____________

1 Жарандардын жыйындары – 2011-жылдын 15-июлундагы №101 (2-берене) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, "жарандардын жыйыны – калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы".