Чүй облусунун муниципалитеттеринин тургундарында 1 млн. сом көлөмүндө гранттык жардамды утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар

Чүй облусунун муниципалитеттеринин тургундарында 1 млн. сом көлөмүндө гранттык жардамды утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар

Бул максатта облустун кээ бир аймактарында жана Кемин шаарында артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу үчүн атайын жарандык жыйындар өткөрүлмөкчү.

2016-жылдын январында 11 элеттик жана 1 шаардык муниципалитетте 5 миңге жакын киши катышкан коомдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 1-февралдан 18-февралга чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун ошол эле айылдык аймактарында жана Кемин шаарында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жарандардын жыйындары өтөт. Тандалып алынган долбоорлордун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) 1 млн. сомдон ашпаган көлөмдө гранттык жардам алууга конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү даярдашат.

Географиялык жактан жайгашкан жери боюнча айырмачылыктарга карабастан бардык муниципалитеттерде аныкталган артыкчылыктуу деп табылган көйгөйлөр дээрлик окшош. Мисалы, эгерде Боролдой, Күн-Туу жана Бурана аймактарында артыкчылыктуусу боюнча жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат менен камсыздоонун жетишсиздиги биринчи орунда турса, Мосвка районунун Александровка муниципалитетинде биринчи орунга ички жолдордун начар абалы чыкты. Бул көйгөй Таш-Мойнок, Гроздь, Ак-Башат, Боролдой, Фрунзе, Кызыл-Туу жана Кочкорбаев муниципалитеттеринин жана Кемин шаарынын тургундары үчүн да биринчи кезекте чечилиш керек болгон маселеге кирет. Бирок жыйынтыкталган жалпы маалымат боюнча таза сууга жеткиликтүүлүк көйгөйү артыкчылыктуу бойдон кала берүүдө – бул маселенин чечилишин колдоп, 1154 киши добуш берген. Бул болсо добуштардын жалпы көлөмүнөн 24% түзөт.

Алдыда өтө турган жыйындардын жүрүшүндө, катышуучулардын көңүлүнө 12 муниципалитеттин тургундарынын арасындагы сурамжылоолордун натыйжасында көпчүлүк добушуна ээ болгон 3 долбоор сунушталат. Долбоорлорду кызыкдар жарандардан турган Демилгелүү топтун мүчөлөрү иштеп чыккан. Алар өз долбоорлорун оңой эмес кармашта коргоп калууга аракеттенишет. Демилгелүү топтун мүчөлөрү дал ошолордун долбоорлору өтө маанилүү болгонун, 1 млн. сом көлөмүндө алына турган гранттын жыйынтыгында жамааттагы көйгөйлүү маселелердин бири чечиле турганын далилдеп бериш керек.

Мүмкүн болушунча көп сандагы катышуучуларды тартуу жана алдыда боло турган жыйын тууралуу маалыматты жеткирүү максатында, бардык муниципалитеттерде маалымат өнөктүктөрү өткөрүлдү. Атайын түзүлгөн Жумушчу топтордун мүчөлөрү баннерлерди, чакыруу барактарын, маалымат баракчаларын даярдап, андан кийин алар эл көп жерге илинип, калк арасында таратылып берилди.

Жыйындар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) техникалык колдоосу менен уюштурулат.

Маалымат үчүн: “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту аткарат жана Швейцария Өкмөтү каржылайт. 2015-жылдын июнь айынан тарта Долбоор Чүй облусунун аймагында сынактын негизинде тандалып алынган 12 максаттуу муниципалитет менен иш алып бара баштады. Долбоордун ишинин алкагында Чүй облусундагы муниципалитеттер техникалык, билим берүүчү жана гранттык колдоого ээ болушат.

Толук маалымат алуу үчүн Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылыңыз. Тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар